• СЕБЕПТЕРИ, САБАКТАРЫ ЖАНА ТАРЫХЫЙ МААНИСИ» деген темадагы класстык сааттын усулдук колдонмосунун ТИРКЕМЕЛЕРИ
  • Апрель революциясынын чыгышынын себептери
  • 2010-жылдын 7-апрели: Ала-Тоо аянтында бийлик менен элдин кагылышы
  • 2010-жылы 7-апрелде түнкү саат 23:30 ченде
  • Апрель революциясынын сабактары 1-сабак.
  • 2-сабак.
  • Апрель революциясынын ушундай сабактарынан улам төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот
  • Апрель революциясынын тарыхый мааниси
  • Бакиевдерди качыруу жоопкерчилигин өз мойнуна алган Р.И.Отунбаева.

  • Скачать 331.71 Kb.


    Дата15.05.2017
    Размер331.71 Kb.

    Скачать 331.71 Kb.

    «апрель элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси»



    Элебесова А.Б.,

    Кыргыз билим берүү академиясынын

    социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясынын

    улук илимий кызматкери.


    «АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫ:

    СЕБЕПТЕРИ, САБАКТАРЫ ЖАНА ТАРЫХЫЙ МААНИСИ»

    деген темадагы класстык сааттын усулдук колдонмосунун

    ТИРКЕМЕЛЕРИ
    1-тиркеме
    Өлкөдөгү Апрель элдик революциясы болоор алдындагы кырдаал.

    Таласта бакиевдик бийликтин кулатылышы — Апрель элдик революциясынын башталышы
    2007-жылы 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун одоно бурмаланган жыйынтыгында 79%ы «ак-жолчулар» болуп калган Жогорку Кеңеш ишке киришкенден баштап, өзгөчө, 2009-жылы 26-июндагы президенттик шайлоодо К.Бакиев өз бийлигин экинчи мөөнөткө узарткандан кийин өлкөдө ачыктан-ачык эле адам укуктарын бузуулар, элдик байлыкты талап-тоноолор башталган.

    Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдалып, өлкөдөгү президенттик кызмат орунду президент К.Бакиевдин уулу Максим Бакиевге өткөрүү, мурастоо долбоору каралып, башкаруунун конституциялык-монархия формасы иштелип чыккан. Баш мыйзам өзгөртүлө электе Максим үчүн жаңы мамлекеттик орган — Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик түзүлүп, жогорку бийлик ага өтө баштаган. Премьер-министрди да, Өкмөттү да, Парламентти да иш жүзүндө Максим Бакиев башкарып калган.

    Оппозициялык саясатчылар саясий кырдаал жар кырына жакындап, опурталдуу болуп баратканын айта башташкан: «Азыр Кыргызстандын асманын кара булут каптаган маал. Ал кара булут — саясий кризис, экономикалык кыйынчылыктар... Бийлик элди укпай, эл бийликке ишенбей калган абалга кабылып калдык. Бирок бийлик өз кемчилигин, мажирөөлүгүн такыр моюнга алгысы келбей жатат. Элдин бийликке болгон нааразылыгы күн санап күчөп баратат». Оппозиция эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкө жакын арада туруксуздукка туш келиши мүмкүндүгүн эскерткен.

    2010-жылы 17-мартка белгиленген оппозициялык курултайга каршы бийлик да катуу даярдыктарды көргөн. Саясатчыларды, дегеле кимди болсо деле, аңдып-тыңшап угууга уруксат берүүчү мыйзам кабыл алынып, 10-мартта Борбордук Азиядагы саясий турмушту чагылдырган бир катар интернет-сайттар жабылган, 11-мартта «Азаттык» радио берүүсү (2005-жылы 24-мартка 18 күн калганда да ушундай болгон болчу), 15-мартта «БиБиСи» радио берүүсү токтотулуп, аймактарга радио уктурулбай, эркин гезиттер жетпей калган.

    2010-жылдын 17-мартында Бишкекте өткөрүлгөн II Элдик Курултайда Президент К.Бакиевге саясий, социалдык жана экономикалык талаптар коюлуп, 10 күндүк мөөнөт ичинде аткарылбаса Бириккен элдик кыймыл тарабынан бүткүл Кыргызстан боюнча жер-жерлерде элдик курултайлар өткөрүлүп, элдик бийликтер шайланаары ачык айтылган. Бул талаптарга төмөнкүлөр кирген:


    • төлөм тарифтерин калыбына келтирүү;

    • «Кыргызтелекомду», «Түндүк электрди» мамлекетке кайтаруу;

    • саясий шылтоо менен камакта отургандарды бошотуу;

    • монархия орнотууну көздөгөн конституциялык реформаны жүргүзүүнү токтотуу;

    • Максим Бакиев башында турган Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жана Өнүгүү фондун жоюу;

    • К.Бакиевдин балдарын жана бир туугандарын мамлекеттик жогорку кызматтардан бошотуу;

    • сөз жана басма сөз эркиндигин камсыз кылуу.

    2010-жылдын 17-мартынан 7-апрелине чейин топ-топторго бөлүнүп алышып, республиканын бардык аймактарын кыдырып чыгышкан оппозиция лидерлерин эл колдоору айдан-ачык көрүнүп турган. Нарын облусу менен Алай районунда саясий жана экономикалык талаптарды койгон митингдер март айында байма-бай өтүп, Кара-Кулжа, Аксы, Базар-Коргон райондорунда да абал курч болгон.

    2010-жылы 23-мартта президент К.Бакиев Ошко келип элдин алдында сүйлөп, өзгөчө көңүлдү түштүк регионду жана Ош шаарын тез өнүктүрүүгө бөлөөрүн айтып, түштүк элин оппозицияны колдобоого чакырган.

    2010-жылы 17-мартта өткөн элдик курултайда коюлган талаптардын бири да аткарылган жок деп эсептеген оппозиция 2010-жылдын 7-апрелинде жер-жерлерде элдик курултайларды өткөрүүнү уюштура баштаган. «Бийлик ээси эл!» деген ураан астында өтүүчү элдик курултайларды уюштуруу боюнча дээрлик көпчүлүк аймактарда кызуу иш жүрүп жаткан, бирок айрым жергиликтүү бийликтер тарабынан каршылыктар да болгон.

    4-апрелде Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Элдик курултайларды уюштуруу комитетинин жетекчиси, парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева баштаган топ тоскоолдукка кабылганын «Азаттык» радиосу билдирген. Атайын даярдалган аялдар тобу тополоң салып, чыр чыгарып, ошонун арты менен митингди уюштуруучуларга кандайдыр бир айып тагуу аракетин жасашкан.

    «Ата Мекен» партиясынын Ысык-Көлдөгү жаштар канатынын лидери Салават Имашовго «бир аялдын колун сындырган» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Салават Имашов өзү муну жалган жалаа деп эсептээрин, бул жолугушууда атайын даярдалган аялдар тобу өздөрү чыр чыгарганын билдирген.

    Жалпы кырдаал өлкөнүн бардык аймактарында, өзгөчө, түндүк райондордо өтө курч болгон. Бишкек шаарында уюлдук телефонду пайдалангандын ар бир чалуусу үчүн 60 тыйын кошумча баа киргизилгени жаштардын кыжырын келтирген. Жалпы элдик толкундоолорду баштоо үчүн шылтоо эле жетишпей турган болчу. Элди митингге үндөөнүн зарылчылыгы деле жок болчу, алар өздөрү эле даяр турушкан.

    Революциячыл кырдаал Таласта жана Нарында тездик менен курчуй баштагандыгын «Азаттыктын» түз алып берүүлөрүнөн алынган кабарлар далилдеп турат:

    06.04.2010. 18:31. Бүгүн түштөн кийин «Ата Мекен» партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязов Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков менен жолугушуп, оппозициянын эртеңки Элдик курултайына байланыштуу маселелерди тактайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Б.Болотбеков билдирди. Б.Шерниязов бүгүн эртең менен Талас шаарына кире бериш жерде кармалып, кайра түшкө жуук бошотулду. Анын бошотулушун талап кылып облустук милиция алдына миңге чукул адам чогулду. Алар Талас облустук администрацияны басып алууга аракет жасашты. Бирок курултайдын жергиликтүү уюштуруучулары аларды токтотуп турушат.

    06.04.2010. 19:12. Элдик курултайдын аткаруу комитетинин атынан үч аксакал Нарын облусунун губернатору Алмазбек Акматалиев менен жолугушууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, аксакалдар губернаторду элдик бийлик орнотууга, эл тарапка өтүүгө үндөп жатышат. Ушундай эле жолугушуулар буга чейин район жетекчилери менен өткөн дейт А.Бекназаров. Нарында элдик курултай эртең шаардык драма театрында өтөт.

    06.04.2010. 19:29. Азыр Талас облустук администрациянын алдында эки миңге жакын адам чогулуп, курултайды бүгүн акимчиликтин алдында өткөрүүнү талап кылышууда. Чогулган элге Таластын губернатору Б.Болотбеков чыгып сүйлөп жатат.

    06.04.2010. 20:17. «Азаттыктын» кабарчысы Жанар Акаев Талас облусунун губернатору Б.Болотбековго азыркы абал тууралуу кайрылганда губернатор жооп берүүдөн баш тартты. Чогулган эл Талас облустук администрациясына кирип барып, элдик губернатор кылып Шералы Абдылдаевди шайлашты. Орун басары болуп «Ата Мекен» партиясынын Таластагы мүчөсү Койсун Курманалиева дайындалды. Талас облустук акимчиликке кирип барган элди таратуу үчүн милициялар чогулуп жатканы кабарланууда.

    06.04.2010. 22:13. Талас шаарынын борбордук аянтына чогулган эл президент Курманбек Бакиевдин облустук администрациянын маңдайындагы чоң сүрөтүн өрттөп киришти.

    06.04.2010. 22:56. Талас шаарынын прокурору «Азаттыкка»: «Болот Шерниязов Талды-Булактан элге чыгып, эртең жыйналыш, курултай болот, ошого келгиле деп үгүттөп жүрүптүр. Анын себебин сурасак, чындыгында курултай өткөргөнү жатабыз деп ачык эле айтты. Бул мыйзамга ылайык келбейт», — деген маалымат берди.

    Апрелдеги элдик толкундоолор адегенде 6-апрель күнү облустук борбор Талас шаарында башталды. Эл чабуул менен облустук администрацияны басып алды. Кырдаалды жөнгө салыш үчүн облустук борборго Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Молдомуса Коңгантиев шашылыш учуп келди. Бирок жаалданган эл министрди жана аны менен кошо келген вице-премьерди барымтага кармап алышат. Митингчилер министр М.Коңгантиев менен облус губернатору Б.Болотбековду аёосуз тепкилеп сабап салышат. Облустук бийлик көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтөт.

    ...Кыргызстандын бардык аймактарындагы саясий кырдаал тездик менен курчуй баштаган. 6-апрелде Ошто жана Жалал-Абадда эл таң эртеңден тарта митингге чогула баштаган. Айрым саясий талдоочулар Курманбек Бакиевден оомат качып калганын айтышса, бийлик өкүлдөрү таластыктардын иш-аракетин мыйзамсыз деп баалашат. 6-апрелде Таласта Бакиевдин бийлиги куласа, 7-апрелде түшкө чейин Нарын облусунда, Аксы, Алай, Кара-Кулжа,Токтогул Москва, Сокулук райондорунда, түштөн кийин Ысык-Көл облусунда, 16-00дө Токмокто бийлик алмашкан. Миңдеген митингчилер Бишкекти көздөй жүрүшкө чыгышкан.

    6-апрель күнү өлкөнүн борбору Бишкек шаарында оппозициянын жетекчилерин камоо башталат. Кечке маал элге кеңири таанымал болгон оппозициялык жетекчилердин баары камакка алынган. 7-апрель күнү социал-демократиялык партиянын лидерлери элди минтингге чыгууга чакырат. Бирок өкмөт тарабынан бул митингди өткөрүү мыйзамсыз деп жарыяланат. Ошондуктан аны кууп таркатуу акциянын катышуучулары менен тартип сактоочулардын ортосундагы ири масштабдагы кагылышка айланат. Митингчилердин алгачкы чачкындуу «чабуулу» оңунан чыкпай калат. Анткени бийлик буга чейин колдонулуп келген, бирок оңдуу деле натыйжа бербеген жарык-үн чыгаруучу гранаталарды, көздөн жаш чыгаруучу газды, суу аткычтарды жана келтектерди колдонуунун ордуна ок атуучу куралдарды колдонот. Эл дүр этип артка чегинет. Дүрбөгөн адамдар топ-топ болуп чогула калышып, курал-жарак сатуучу дүкөндөргө, милициялык участкалардагы курал-жарак сакталган бөлмөлөргө чабуул коюшуп, милициянын табелдик куралдарын жана жабдууларын тартып алышып, жана башка колуна тийген нерселер менен куралданышат. Анткени саясий атаандаштарынын, сын айткандардын көзүн тазалап, коркутуу-үркүтүү кадыресе ишке айланган мамлекеттик башкаруу ыкмасына айланган иш-аракеттер элдин жанына батып кеткен эле.

    Кыргызстан коррупциянын чеңгелинде калган. Бир үй-бүлө чексиз байып, карапайым кыргызстандыктар жакырдыкка белчесинен батышкан. Бийлик башында тургандар өлкөнү көз көрүнө талап-тоноого өткөн. Ондогон жылдар бою кыргызстандыктардын маңдай тери менен курулган ири мамлекеттик ишканалар, социалдык объектилер, жерлер, кен байлыктар арзыбаган тыйынга сатылып кетип жаткан. Карапайым элдин айласы кетип, кыштын кыраан чилдесинде жылуулукка жетпей, чырак жагып, караңгыда отуруп калган. Адам укуктары, сөз жана басма сөз эркиндиги тебеленип-тепселген.

    Ушундай күңкор жашоо жанына баткан миңдеген кыргызстандыктар жамгырлуу жаздын күнүндө үй-бүлөлүк бийликке, зомбулукка, адилетсиздикке каршы жапырт көтөрүлгөн.



    2-тиркеме
    Апрель революциясынын чыгышынын себептери
    Ар түрдүү көз караштарды эске алуунун жана көптөгөн булактарды пайдалануунун негизинде Апрель революциясынын чыгышынын себептери төмөнкүдөй тастыкталды:

    1-себеп. 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүшчүлөрдүн эң башкы талабы да, К.Бакиев жетектеген КЭКтин (Кыргызстандын элдик кыймылынын) элге берген убадасы да тезинен конституциялык реформаны жүргүзүү болгон. Акаевдик үй-бүлөлүк башкарууну жана авторитардык саясий тартиптин укуктук негиздерин биротоло жоюу — жаңы бийликтин биринчи кезекте чече турган милдети болчу.

    К.Бакиев өзү президент болуп шайлангандан кийин конституциялык реформаны жүргүзгүсү келбей, ар кандай шылтоолор менен убакытты чоё берген.

    Бакиев-Кулов тандеми бузулган. Оппозициянын лидерлеринин бири болгон А.Атамбаевди өлкөнүн премьер-министри жана бир эле учурда конституциялык кеңештин төрагасы кылып дайындаган. Оппозиция бирден сатылып, ыдырап, алсыраган. Бийлик бекемделип, реакция күчөгөн.

    Ушундай кырдаалда, 2007-жылы 21-октябрда, референдум аркылуу «бакиевдик конституция» кабыл алынган. Ага ылайык президент Бакиевдин ыйгарым укуктары, 2003-жылкы «акаевдик конституцияга» салыштырганда эбегейсиз көбөйгөн. Эртеси күнү К.Бакиев парламентти таратып, бир айдан кийин А.Атамбаевге «Даңк» орденин берип, анан эртеси күнү эле аны премьер-министрлик кызматынан алып койгон. 2007-жылы 16-декабрда эгемендүүлүк тарыхындагы эң ыплас парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Жогорку Кеңештеги 105 орундун 71 мандатына «ээ болгон» бакиевдик «Ак-Жол» партиясы бийликке келген.

    2009-жылдын аягында кайрадан Конституцияны жаңы долбоору даярдала баштаган. Долбоордо башкаруунун монархиялык формасы, же болбосо президенттик орун президент Бакиевдин уулу Максимге түздөн-түз өтөөрү көрсөтүлүп, Баш мыйзам өзгөртүлө электе эле ал үчүн мамлекеттик институттар жаралып (Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик), ошол эле учурда айрым конституциялык бийлик органдары жоюлган. Өлкөнү иш жүзүндө Максим Бакиев башкарып калган. Премьер-министр, Өкмөт, Парламент Бакиевдердин менчигине айланган. Эгерде Акаевдин учурунда, анын үй-бүлөсү (аялы, балдыздары, аялынын достору ж.б.) бийликке көмүскө аралашса, Бакиевдин тушунда мамлекетти анын балдары менен бир туугандары ачыктан-ачык эле башкарып калышкан. Ушунун баары Конституциянын бузулбастыгынын сакчысы болгон Конституциялык соттун төрайымы Ч.Баекованын макулдугу менен жүргүзүлгөн.

    2-себеп. Өлкөнүн экономикасынын пайдубалын түзгөн өндүрүш дээрлик кыйраган. Кыргызстандын экономикасындагы стратегиялык багыттагы кен байлыктарга, отун энергетикасына, өндүрүмдүү өндүрүш каражаттарына байланыш тармактарына эл же мамлекет ээ болбой, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн менчиктештирүү, чет өлкөлүктөргө пайдаланууга берүү схемалары түзүлүп, ишке ашырылган. Акчаны чет өлкөлөргө чыгарып кетүү тездик менен улантылган. Электр энергиясын сыртка сатуу кыймылдары ачык болгон эмес. Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли эң төмөнкү чекке жетип, элдин үйүндөгү электр жарыктары өчүрүлө баштаган. Ошол эле учурда суунун кайда кеткени, кимге, канчага сатылганы, ким сатканы, киреше бюджетке түшкөнү-түшпөгөнү белгисиз да, жоопсуз да болгон. «Кышка карата тезек тергиле» деген президент Бакиевге элдин кыжыры кайнаган.

    3-себеп. Өлкөдө коррупция тыйылмак турсун, ого бетер күч алып, укук коргоо, сот, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акчасы же таанышы болбогон карайлаган элдин «жонунан кайыш тилген». Мамлекеттик кызматка өздөрүнүн жакындарын, туугандарын, жердештерин алуу, протекционизм гүлдөгөн. Жаңыдан ишке орношкон мамлекеттик кызматкерлердин адистик деңгээлинин, билиминин, жалпы маданиятынын төмөндүгү, оройлугу, текебердиги коомчулукту иренжиткен.

    «Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар» деген жаңы ылакап чыгып, мурда Айдар түзүп кеткен коррупциялык схемаларды Максим андан ары «өркүндөтүп, гүлдөтүп», Интерполдун издөөсүндө жүрүшкөн эл аралык деңгээлдеги аферисттерди (В.Белоконь, М.Надель, Е.Гуревич, А.Елисеев, С.Костырин, М.Цой, бир тууган А. жана С.Кимдер, А.Темирбаев ж.б.) Кыргызстанга алып келип, аларды жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындап, өлкөнү талап-тоноо багытында иштешкен.



    4-себеп. 2008-жылы октябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине жана башка жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор, 2007-жылы 16-декабрдагы Жогорку Кеңешке болгон кезексиз шайлоо жана 2009-жылы 23-июлдагы президенттик шайлоо — буга чейин болуп көрбөгөндөй уятсыздык жана оройлук менен бурмаланып, мыйзамдарды көзгө илбөөчүлүк менен өткөрүлүп, шайлоонун жыйынтыктары бийлик айткандай бурмаланып чыгарылган. Өкүлчүлүк бийликтин бардык деңгээлдеринде, өзгөчө Жогорку Кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешине (ошондогу мэр Н.Түлеев түзгөн тизмеге ылайык) жалаң эле бакиевдердин кошоматчы жан-жөкөрлөрү баш болгон, алыс-жакын туугандары менен дос-тамырлары, калган орундарга ачык эле акчага сатып алгандар депутат болуп «дайындалышканы» жана оппозициянын өкүлдөрүнө «бут тосулуп», алардын көпчүлүгүнүн депутаттыкка өткөнүнө карабай тизмеден «чийилип» салынышы 7-апрель окуясынын болушун тездеткен.

    5-себеп. Сөз жана басма сөз эркиндиги бакиевдердин үй-бүлөсүнүн толук көзөмөлүндө болуп, башкача ой-пикирди чагылдырган ЖМКлар (жалпыга маалымдоо каражаттары) куугунтукталган. Президенттин алдында белгилүү журналист О.Малеваная башында турган катчылык түзүлүп, ага принциби жок, кошоматчы, акча үчүн «бөрк ал десе баш алган» журналисттер кызматка алынып, жалган аналитикалары менен элдин башын айлантып, коомдук пикирди өздөрү көздөгөн нукка бурууга аракет кылышкан. Борбордук Азиядагы саясий турмушту чагылдырган бир катар интернет-сайттар жабылган, 2010-жылы 11-мартта «Азаттык» радио берүүсү жабылып (2005-жылы 24-мартка 18 күн калганда да ушундай болгон), 15-мартта «БиБиСи» радио берүүсү жабылган, «Де-Факто», «Алиби» ж.б. ЖМКлар катуу куугунтукка алынып, региондорго радио уктурулбай, эркин гезиттер жетпей калган.

    6-себеп. А.Акаевден айырмаланып, К.Бакиев президент болоордун алдында бир жылча оппозицияда жүрүп, алардын чоо-жайын ичинен билип калгандыктанбы, же коркок киши мыкаачы болот деген чынбы, же Жаныш менен Максим Бакиевдердин таасириби, айтор, бул бийликтин оппозицияга карата мамилеси арамза-куулук жана кылмыштуу-мыкаачылык менен өзгөчөлөнүп турган. Бакиевдерге учурунда эмгеги жакшы эле сиңген, бирок, кийин оппозиция тарапка ооп бараткан, белгилүү саясатчы Медет Садыркуловду жана анын жанындагы эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүшүп, анан ээн жерге алып барып өрттөп жиберишкен. «Балыкчы процесси» деп тарыхта калган, 19 адамдын үстүнөн фальцификация менен кылмыш иштери токулуп, көпчүлүгү камакка алынган. Айрым саясатчылар менен журналисттер табышмактуу, күмөндүү шарттарда жок кылынган. Айрым оппозиция лидерлери чет өлкөлөргө баш калкалап кетүүгө аргасыз болушса, дагы бир тобу өлкөнүн ичинде эле жашырынып жүрүп калышкан.

    7-себеп. Бакиевдик бийлик учурунда Каркыра жайлоосу, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат казактарга берилип (2003-жана 2006-жылдары Парламент буга жол берген эмес, бул чечимди 2008-жылы «Ак-Жол» партиясынын өкүлдөрү көпчүлүктү түзгөн парламент кабыл алып берген), Жетим-Тоо, Арпа, Аксайдын айрым участокторун Кытайга ижарага берүү процесси жүрүп жаткан. «Түндүк электр», «Чыгыш электр» ААКлары, Кыргызтелеком менчиктештирилип, электр энергиясынын жарандар үчүн баасы 2010-жылдын 1-январынан эки эсеге кымбаттап, ал эми 2010-жылдын июль айынан баштап беш эсе кымбаттаары чечилип, уюлдук телефонду пайдалангандарга ар бир чалганы үчүн 60 тыйын кошумча баа киргизилген.

    8-себеп. Бакиевдик бийлик учурунда тышкы миграция көйгөйү чечилмек тургай, кайрадан күчөгөн. Ар түрдүү маалымат булактарында ар түрдүүчө санариптер айтылганы менен, орточо эсеп менен алганда, 2010-жылга карата Кыргыз мамлекетинин 1 миллионго жакын эмгекке жарамдуу жарандары Орусия, Казакстан жана башка жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө эмгек мигранттары бойдон кала беришкен. Бул өлкөлөр менен болгон мамилелерде миграция көйгөйлөрү мыйзамдуу түрдө чечилбегендиктен, кыргыз мигранттарынын абалы укуктук алкактан тышкары калып, алардын жашоосун оордоткон.

    Ички миграция маселеси да катуу курчуган. Түштүктүн калкын 2005-жылкы 24-март окуясы учурунда Бишкекке жүрүш жасоого үгүттөгөндө ошондогу оппозиция лидерлери тарабынан «жеңиш колго тийип калса, Бишкектин тегерегинен жер участоктору берилери убада кылынган». «Жеңиш колго тийгенден» кийин шаарга чектеш Аламүдүн жана Сокулук райондорунун көптөгөн айдоо жерлерин «биз революционерлербиз» деген адамдар мыйзамсыз басып алышкан. Бийликтегилер бул басып алууларды эч каршылыксыз мыйзамдаштырып беришип, убадаларын аткарышкан. Мындай баскынчылык ансыз деле оор турмушта жашашкан жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирген.



    9-себеп. Акаев менен Бакиевдин бийликтеринин кулашынын дагы бир себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу бул элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын жылдыгына карата 2011-жылы 23-мартта Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциядагы сөзүндө Кыргыз Республикасынын президенти Р. Отунбаева: «Так ушул калыс болбоонун, мыйзамдарды тепсөөнүн өзү өлкөбүздө элибиздин эки жолку жарылуусуна алып келди», — деп белгилеген.

    10-себеп. Мамлекет башчысы Р.Отунбаева 2005-жылдын 24-мартындагы «жоогазын революциясынын» максатына жетпей калышынын дагы бир себептери катары Азия мамлекеттеринде демократиялуу мамлекет түзүү боюнча тажрыйбанын жоктугун, эгерде Европада демократия үчүн күрөш кылымдар бою жүрүп, анын теориясы да, практикасы да калыптанып калган болсо, бизде уруучулдук, тууганчылдык, жердешчилдик, жалпылап айтканда, коммунисттик идеология менен жабылган патерналисттик идеялар үстөмдүк кылып келгендигин, революцияга катышкан саясий күчтөрдө биримдик начар болуп, бирдиктүү аракеттер болбогондугун айткан. «Биз чындыгында ал убакта президенттик башкаруу системасына караганда парламенттик башкаруу системасы бизге көбүрөөк ылайык келе турганын түшүнгөн эмес экенбиз. Бакиев жердешчилдик, тууганчылдык идеясын өз пайдасына колдоно алды. Ошондой эле административдик ресурсту колуна алары менен, демократиялык күчтөрдү четке сүрүүгө шарт түздү. Конституция үчүн күрөш болуп, бирде оппозиция, бирде бийлик жеңип жатып, ага болгон үмүт менен бир нече жыл өттү. Бакиевден үмүт такыр үзүлгөнүн 2008-жылдын аягында гана түшүнүп, ошол жылдын декабрында оппозициялык Бириккен элдик кыймыл (БЭК) түзүлгөндүгүн жарыялаган. Ушул мезгилди революциянын экинчи баскычынын башталышы деп айтсак болот».

    3-тиркеме
    2010-жылдын 7-апрели: Ала-Тоо аянтында бийлик менен элдин кагылышы
    2010-жылы 7-апрелде, 2005-жылдын 24-мартындагыдай эле, эртең менен саат 08-00дөн баштап Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан, А.Атамбаевге таандык «Форум» мекемесинин имаратынын жанында эл чогула баштаган. Укук коргоо кызматкерлери элди «Форумдун» ичине киргизген эмес.

    Саат 10-30 ченде имаратка жакын көчө боюндагы аялдамада курултай башталып, Т.Үмөталиева менен И.Карамушкина оппозиция лидерлери ошол 7-апрель күнү таңга жуук бийлик тарабынан үйлөрүнөн кармалып, түрмөгө камалганы тууралуу айтып беришкен. Кыжырданган эл аларды бошотууну талап кылышкан.

    Милиция жана башка укук коргоо кызматкерлери жыйындагы активисттерди автобуска сүйрөп сала баштаганда эл менен алгачкы кагылыш башталган. Милиция артка чегинип, бирок бир аздан кийин кайрадан чабуулга өткөн. Элди көздөй чаңырык үн чыгаруучу гранаталарын ыргытышып, желим октор менен аткылай башташкан. Чогулгандар туш тарапка качышып, милиция алардын артынан кубалап жөнөшкөн.

    Окуя болуп жаткан жерге улам жаңы адамдар кошулуп, качкандар кайрадан чогулуп, саны жагынан басымдуулук кылган эл милицияны качырганда, жооп катары ок чыгарылып, биринчи кан төгүлгөн.

    Саат 11-00 ченде 5–6 миңден ашуун жаалданган эл «Форумдун» имаратынан Ак Үйдү көздөй жөнөшкөн. Митингчилердин саны тез эле көбөйүп кеткен. Алматы көчөсүндөгү көпүрөнүн алдынан Ж.Бакиевге караштуу «Арстан» бөлүгү менен милициянын тобу демонстрациячылардын жолун бөгөгөн. Эскертүүчү ок атылганына карабастан, каарданган эл өжөрлөнө милициянын катарын бузуп, алардын куралдары менен калкандарын тартып алышып, өздөрүн сабап киришкен. Милициянын унааларын оодарышып, өрттөп салышкан.

    Эң табышмактуусу милицияны ээрчип жүргөн машиналардын ичинде автоматтар жана пулемёттор, ок-дарылар жүктөлүптүр. Курал-жарак жүктөлгөн унаалар митингчилер үчүн атайын даярдалып коюлгандай күмөн туудурат. Ал жердеги аксакалдар менен активисттер чогулуп, курал-жарактарды «Форумга» алып барып, бекем жерге катып коюуну чечишкен...

    Демонстрациячылар уюлдук телефондор менен бири-бирине чалышып, жер-жерлерден келгендер менен кошулуп, борбордук аянтка жеткенде аянт элге жык толуп калган эле. Бирок трибунадан чыгып сүйлөгөнгө, митингди уюштуруп, башкарганга киши жок болгон, себеби жетекчилердин жана уюштуруучулардын баары кечээги кечтен бери камакта отурушкан.

    Милиция менен демонстрациячылардын ортосунда улам-улам кагылыштар болуп, эл көбөйгөн сайын милиция улам артка чегинип, акыры барып баш аламандык башталган. Бирок түштөн кийин милиция бөлүктөрү аянттан таптакыр эле чыгып кетишкен.

    Ошол эле 7-апрель күнү түш оой Кыргызстандын түндүк облустарындагы көтөрүлүшчүлөр автобустар, жүк тарткан машиналар жана жеңил автоунаалар менен Бишкекке жетип келишет. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө КСДПнын (Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы) жана «Ата Мекен» социалисттик партиясынын жаштарынан турган автоматчан күжүрмөн жаштар, көтөрүлүшчүлөр тарабына өтүп кетишкен милиционерлер пайда болот. Ошондуктан кийинки чабуулдар ийгиликтүү боло баштаган. Көтөрүлүшчүлөр Ак Үйдүн алдындагы аянтка каптап киришет.

    Саат 14-00 ченде жаштардан турган митингчилер түз эле Ак Үйдү көздөй чабуул коюшкан. «Форумдан» айдап келишкен жүк ташуучу автоунаа менен Ак Үйдүн тосмосунун дарбазасын жыга сүзүп, демонстрациячылар ичине кирип барышкан.

    14:30 ченде Ак Үй тараптан ок атылып, ондой адам жарат алып, аянтка кан төгүлгөн. Митингчилер артка чегинишип, тосмонун сыртына чыгышкан, бирок көзгө атарлардын огунан каза тапкандардын саны көбөйө берген. Митингчилер ок жегендерге жардам беришип, атылган октон коркпостон, жарадарларды колу-бутунан алып көтөрүп, колго урунган унаалар аркылуу ооруканаларга тынымсыз ташып турушкан...

    Ак Үйдүн, анын маңдайындагы «Илбирс» ишканасынын имаратынын чатырынан мылтык көтөрүшкөн көзгө атарлар демонстрациячыларга даана эле көрүнүп турган, жер которуп ары-бери басып да жүрүшкөн. Алардын алактап, же шашканы байкалган эмес...

    Тосмонун ичиндеги мурдатан дайындалып коюлган «Арстандын» автоматчан 500–600 чамалуу өздүк курамы демонстрациячыларды эскертүү максатында асманга карай ок чыгарышкан. Натыйжада элдер башаламандыкка түшүп, артка чегинип, туш тарапка качууга мажбур болушкан. Ошондо: «Кыргыздар, качпагыла!» — деген кайраттуу коңур үн чыкканда дүүлүккөн эл эсине келип, дүрбөгөнүн токтотуп, чыйрала түштү.

    Жанагы коңур үн экинчи кайталанбады... Асфальтта башы канга боёлгон жаш адамдын денеси суналып жатат... Анын көзүнүн алдына тийген ок кежигесинен чыгып жан берген экен. Элге кайрат-дем берген бул чечкиндүү инсан улуттук университеттин «саясат таануу» боюнча ага окутуучусу, Америкада үч жыл жүрүп жаңы эле Мекенине кайтып келген 35 жаштагы Жолдош Кудайбергенов эле.

    7-апрелде саат 16-00дө өлкөнүн түндүгү бүтүндөй көтөрүлүшчүлөр тарапка өткөн. Бишкекте Парламент менен Улуттук коопсуздук кызматынын имараттары талкаланып, Башкы прокуратуранын имараты өрттөлгөн. Тыныстанов көчөсүндөгү Салык инспекциясынын имараты тыптыйпыл жок кылынган. Кыргыз телерадиокампаниясынын имаратындагы болгон аппаратура бүт бойдон талкаланган.

    Саат 16:45те Ички иштер министри М.Коңгантиевдин Таластан: «Үй-бүлөлүк башкаруунун азабын мен да тартып жатам. Бакиев кетсин!» — деп айтканын «Азаттыктын» кабарчысы билдирген. Бул учурда Ак Үйдүн ичинде К.Бакиев жана анын эң жакын адамдары: Ж.Бакиев, Д.Үсөнов, К.Жороев, Б.Калыев, М.Суталинов, Н.Сулайманов ж.б. калышкан болчу.

    Ушундай кыйчалышта, саат 17:10 ченде, президент К.Бакиев өз жарлыгы менен Бишкекте, Талас, Нарын жана Чүй облустарында кечки саат 22-00дөн таңкы саат 06-00гө чейин коменданттык саат киргизүү чечимин чыгарган.

    18:00 ченде Омбудсмен Т.Акун менен экс-депутат К.Иманалиев оппозиция лидерлерин камактан бошотууга аракеттерди жасашкан. Т.Акун ушул маселе менен президенттин администрация башчысы К.Жороевге барганын, анын кабинетинде премьер-министр Д.Үсөнов күч органдары менен жыйын өткөрүп жатканын, камактан бошотуу маселесин айта баштаганда, аны укмак турсун, өзүн сыртка чыгарып коюшканын айткан. Алардын Улуттук коопсуздук кызматына (УКК) барышканынан да майнап чыккан эмес. Т.Акун кайрадан аянтка келгенде жаалданган жаштар анын бир кезде Бакиевди мактаганын эскертишип, шылдыңдашып, сабап салышкан. Жаракат алган Т.Акун ар кимдердин жардамы менен эптеп качып кутулган. Ошол учурда көтөрүлүшчүлөр менен президентке берилген бөлүктөр жана «Ак Үйдөгү» көзгө атарлардын ортосунда ок атышуу башталат.

    Окко учкандар менен жарадарлардын саны уламдан-улам көбөйүп, жаалданган митингчилер качкандын ордуна, Ак Үйгө каршы дембе-дем чабуулга өтүп турушкан. Борбордук аянттагы имараттардын биринде активисттер тарабынан митингчилерге курал-жарак таратылган. Сыягы, эртең менен табылган курал-жарактар менен ок-дарыларды «Форумга» катып койгон жеринен митингди уюштуруучулар алып келишсе керек.

    УККнын имаратын тегеректешкен демонстрациячылардын, өзгөчө жаштардын айбатынан корккон бийлик кармалган саясатчылардын бир бөлүгүн бошотууну чечкен. 7-апрелде саат 18:00дөн өткөндөн кийин Т.Сариев, Э.Ибраимова, А.Эркебаев, Т.Мадылбеков, Д.Чотоновдор, калгандары андан бир-эки сааттан кийин абактан бошотулган.

    Бошотулган оппозиция лидерлеринин ичинен жалгыз Т.Сариев түз эле эл чогулган борбордук «Ала-Тоо» аянтына келген. Калгандары келишкен эмес, себеби аларды көзгө атарлар терип атып коюшу толук мүмкүн эле. Тобокелчиликке салыштын зарылчылыгы жок болчу ал кезде. Т.Сариев митингчилерге кырдаал жөнүндө түшүндүрүп, бийлик менен сүйлөшкөнүн, алар ок атууну токтотушаарын айткан. Анан камактагы калган саясатчыларды бошотуу үчүн ал жоон топ эл менен УККны көздөй жөнөгөн. УКК кеңсесинин жанында жыкжыйма топтолгон эл тигилер келгенден кийин кеңсенин эшигин талкалап кирип барышып, ал жердеги БТРди айдап чыгышып, Ак Үйдү көздөй жөнөгөн. Бирок аны айдаганды билген адам табылганы менен, андан ок атканды билгени табылган эмес. БТРде отурган жигиттерди көзгө атарлар аткылап, БТРдин өзүн гранатомёт менен жардырып салышкан. Жарадарларга жардам бергендер көзгө атарлардын огунан каза табышкан.

    Урологиялык илимий борбордун урология бөлүмүнүн башчысы Ринат Урбаналиев: «Ал көзгө атар — мыкты аткыч жана жеткен шүмшүк неме экен…», — деп эскерет. Уролог түнү бою ошол «Ак Үйдүн» чатырындагы көзгө атарлардын колунан жука чурайына ок жеген ондогон көтөрүлүшчүлөрдүн жанын аман алып калган болчу. «Аянттын четинде бараткан адам сулк кулап түшөт. Карасаң, чекесинде көзөнөк. Же ДСАнын (Драгунов снайпердик автоматы) огу дагы бирөөнүн жука чурайына таамай тийген болот…», — дейт доктур.

    Саат 19-10дор чамасында Р.Отунбаева, Т.Сариев, К.А.Дүйшөбаев, Э.Каптагаевдер премеьер-министр Д.Үсөнов менен митингчилерге каршы ок атууну токтотуу жөнүндө, өкмөттү таркатуу жана башка талаптар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

    Саат 19:30 ченде К.Бакиев, анын жакын адамдары тоскоолдук кылгандарды жиптердин терезелерин ылгабай аткылаган боюнча эки жип менен Ак Үйдүн түндүк жактагы дарбазасы аркылуу качып чыгып кетишкен. Саат 21-00 ченде алар Жалал-Абадда болуп калышкан. Ак Үйдүн чатырындагы көзгө атарлар кийимдерин которуп кийишип, туннель аркылуу чыгышып, көпчүлүккө аралашып сиңип кетишкен. Алар кетээр алдында Ак Үйгө, президенттин кабинетине миналарды койгонго үлгүрүшкөн. Бирок аны байкап калышкан демонстрациячылар миналардын жарылышына мүмкүндүк беришкен эмес.

    Ошентип 2010-жылы 7-апрелде түнкү саат 23:30 ченде Ак Үй бакиевдик авторитардык-криминалдык бийликке каршы көтөрүлгөн демонстрациячылардын колуна өткөн. Бакиевдин түндүк облустардагы бийлиги толугу менен талкаланган. Президенттин өзү болсо жан-жөкөрлөрү менен түштүктү карай качып барып, эптеп башпааналайт. Бирок эртеси күнү, 8-апрелде, ал жакта да бийлик көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштайт.

    7-апрелден 8-апрелге оогон түнү Элдик курултайдын аткаруу комитети өлкөдөгү жоопкерчиликти өзүнө алып, 14 кишиден турган Убактылуу Өкмөт түзүлүп, анын башчылыгына Роза Отунбаева, төрт орунбасарлыкка Алмазбек Атамбаев – социалдык-экономикалык иштер боюнча; Өмүрбек Текебаев – конституциялык реформалар боюнча; Азимбек Бекназаров – укук-тартип маселелери боюнча; Темир Сариев – каржы маселелери боюнча дайындалышкан.

    Убактылуу Өкмөт бир катар шашылыш чечимдерди кабыл алган:

    1. Талап-тоноолорго жол бербеш үчүн элдик кошуундарды түзүү;

    2. Бишкек шаарынын коменданттыгына Т.Мадылбековду дайындоо;

    3. Бардык коргоо органдарын комендантка баш ийдирүү;

    4. Бардык ички иштер ресурстарын Бишкек шаарынын комендантына тапшыруу;

    5. И.Исаковду коргоо министри, Б.Шерниязовду ички иштер министри, И.Өмүркуловду Бишкек шаарынын мэри кызматтарына дайындоо боюнча.

    2010-жылы 7-апрелдеги демонстрациячылар менен бакиевдик авторитардык-криминалдык кылмыштуу режимдин кагылышында 87 адам окко учкан, 1500 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган, 500дөн ашуун оор жарадарлар ооруканаларга жаткырылган. 100дөн ашык милиция кызматкерлери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, анын ичинен 23ү ооруканага жаткырылган. Өлгөндөрдүн арасында ИИМ Академиясынын эки курсанты болгон.



    Бул жерде белгилеп кете турган жагдай, көтөрүлүш учурундагы башаламандыктан пайдаланган кылмышкерлер тобу администрациялык имараттарды, телерадиокомпанияларды, милициялык участкаларды басып алышкан, Салык инспекциясын, Башкы прокуратураны, УКК (Улуттук коопсуздук кеңешин) талкалап өрттөп жиберишкен. Талап-тоноочулук жана зордук-зомбулук иштерди жүргүзүшкөндөр көтөрүлүшчүлөр эмес, дал мына ошол кылмышкерлер болгон. Алардын жолун бөгөш үчүн элдик ыктыярдуулардан, негизинен жаштардан турган элдик кошуундар түзүлгөн. Натыйжада талап тоноочулук иштер кескин түрдө басаңдаган.

    4-тиркеме
    Апрель революциясынын сабактары
    1-сабак. Элдин ишенимин, келечекке болгон үмүтүн, чын ниетинен болгон колдоосун ар дайым ыйык тутуу, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшоо менен бийлик тарабынан аткарылышы жана аткарууга тынымсыз аракет жасалышы керектиги. Өз элин кордогон президент, акыры, өзү үй-бүлөсү жана туугандары менен катуу кордук көрүп кала тургандыгы..

    2-сабак. Мамлекеттик бийликтин бир адамдын колуна топтолушуна жол берилбестик.

    3-сабак. Аксы окуясындагы алты адамдын атылганы Акаевдин өмүр баянындагы өчпөс так болуп, укумдан-тукумга чейин айтыла турган кетпес кек болуп калды. Ал эми Бакиевдер 2010-жылы 7-апрелде 87 кишини атып өлтүрүп, 1500дөн ашыгын жарадар кылышы алардын өздөрүнө эле эмес, төрөлгөн жана төрөлө элек укум-тукумдарына чейин «канкор Бакиевдер» деген атка кондурду. Кан ичкич канкордукту эл эч качан унутпайт, тарых кечирбейт!

    4-сабак. 2005-жылы 24-марттагы окуяларда жана 2010-жылдагы Апрель революциясында криминалдык элементтер тез жанданып, «каралар» ачыктан-ачык эле иштешип, туйтунушкан. Алар карапайым элдин менчигин да, бай чиновниктердин менчигин да, мамлекеттик менчикти да талап-тоношкон. Эки учурда тең эл дагы, мамлекет дагы жабыр тарткан. Бишкек шаарынын маанилүү объектилери талкаланган. «Каралар» түшкө кирбегендей байышкан. Өлкөнүн укук коргоо органдары жеке менчикти дагы, мамлекеттик менчикти дагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй коргой алышкан эмес. Бул мамлекеттүүлүктүн өзөгүн бекемдөөнүн өтө зарылдыгын дагы бир жолу тастыктаган чоң сабак болуп саналат.

    5-сабак. Мамлекетти башкаруунун президенттик формасы биздин өлкө үчүн ыңгайлуу эмес экендиги иш жүзүндө экинчи жолу ырасталды. Бул башкаруунун парламенттик формасына тезинен өтүү зарылчылыгын шарттады. Парламенттик башкарууга ылайык бийликтин үч бутакка бөлүнүшү, алардын ортосундагы тең салмактуулук жана бирин-бири кармап туруу принциптеринин өтө дыкаттык менен сакталышы гана үй-бүлөлүк-авторитардык бийликтин орношуна жол бербестигин, ага бөгөт боло тургандыгын тастыктаган сабак. Адилет, калыс, демократиялуу коом куруу үчүн башкаруу системасын толугу менен өзгөртүүнүн зарылдыгы айкын-ачык көрүндү. Элдик-демократиялык бийлик гана биздин улут катары сакталып калышыбызды жана эгемендүү мамлекетибиздин күч-кубаттуулугун шарттай тургандыгы коомчулукка түшүнүктүү сабак болду.

    6-сабак. 2010-жылы 8-апрелден 14-апрелге чейин, бир жуманын ичинде, Бакиев менен анын баш кесерлери кайрадан бийликти колго алуу максатында өлкөнүн түштүгүн бөлүп кетүү аракетин жасаган. Жалал-Абадда Бакиевдин сепараттык аракеттерин колдонушуп бир нече миң киши чогултуп, облустук мамлекеттик администрациянын кеңсесин басып алышып, өздөрүнүн губернаторун шайлаганга да үлгүрүшкөн. Кыргызстанды түндүк жана түштүккө бөлүп-жаруу жана жарандык согушту тутандыруу аракеттери ишке ашпай калгандан кийин, бакиевчилер өзбек-кыргыз жаңжалын тутандырышып, ал кагылышта 400дөн ашуун киши өлүп, миңдеген адамдар жараат алган. Мындан Ата Мекенибизди бөлүп-жаруудан, ал тургай, мамлекетти жок кылуудан кайра тартпаган маңкурттардын тилектерин таш каптырып, улуттун биримдиги жана ынтымагы үчүн, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо үчүн кайраттуулук менен талыкпастан күрөшүү керек деген сабак алабыз.

    7-сабак. Мамлекеттик бийликти күч колдонуу, талап-тоноо жана кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен, мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин айгинелеген сабак. Үй-бүлөлүк бийлик, мыйзамды көзгө илбөө, сөз менен иштин ажырымы, мамлекеттик саясат деңгээлине жеткен кара өзгөйлүк, системалуу жана саясий коррупция коомдун бөлүнүп жарылышына, бийликке карата элдин ишеничинин кетишине, дегеле, мамлекеттүүлүктүн пайдубалына доо кетирген чекке алып келген «акаевчилер» менен «бакиевчилер» өз мекенине батпай, дүйнө кезип, качкындарга айланышты. Ушунун баары кыска убакыттын ичинде болуп өттү. Эми муну кайталабоо бийлик үчүн чоң сабак болот.

    Мыйзамдуулук гана, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам алдындагы толук жоопкерчиликтүүлүгү гана, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, көп улуттуу өлкөнүн ынтымагы менен биримдигин кепилдей алат. Ааламдашуунун оп тартма айлампасында руху күчтүү, маданияты бийик, биримдиктүү, жаратман улуттар гана өзү тандаган багыттан чыкпай, дүйнөлүк коомчулук менен тыгыз алакада болуп, бакубат турмушта жашап, кылымдардан бери аздектелип келе жаткан элдик каада-салтты, улуу мурасты келечек муундарга өткөрүп бере алат..



    Апрель революциясынын ушундай сабактарынан улам төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот:

    • Бийлик жаатында. Кыргызстан президенттик бийликтин жана анын текебердигинин астында экинчи жолу «оозун күйгүзүп» отурат. Кылмыштуу үй-бүлөлүк-туугандык башкарууну кууп чыгуу менен, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында парламентаризм институтун киргизген алгачкы өлкө болду. Жогорку Кеңеш, жакшыдыр-жамандыр, партиялык принцип боюнча түзүлүп, парламенттик-президенттик башкаруу орнотулду.

    • Эркиндик жаатында. Кыргызстанда кайрадан сөз жана басма сөз эркиндиги орноду. Мурдагы бийликтин кысымы астында жабылып калган жалпыга маалымдоо каражаттары («Азаттык» радиосу, «Пирамида» ТРКсы, «Де-Факто», «Алиби» гезиттери) кайрадан иштей баштады, куугунтукка алынган журналисттер жана саясатчылар мекенине кайтып келишти.

    • Коррупция жаатында. Акаевдин жана Бакиевдин мезгилинде өлкөдө коррупция гүлдөп өнүккөн. Азыр аларга каршы күрөш жүрүүдө. Президент А.Атамбаев айткандай, мыйзамдын үстөмдүгү орнотулууда. Маселен, 2012-жылы республика боюнча 1180 коррупциялык кылмыш иштери козголуп, 462 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Кармалгандардын арасында министрлер, депутаттар, чиновниктер, соттор, мэрлер, акимдер, салыкчылар, айыл өкмөттөрү ж.б. бар. Сот реформалары жүргүзүлүүдө.

    • Рейдерчилик жаатында. Бакиевдер басып алышкан байлыктар элге кайтарылды. «Түндүк электр», «Жалал-Абад электр», кыймылсыз мүлктөр, жерлер («Витязь» пансионаты) мамлекетке кайтарылды. Эл аралык аферисттердин (М.Надель, Е.Гуревич) жолу буулду. Электр энергиясы жана мобилдик байланыш үчүн кошумча төлөмдөрдү пайдалануу менен элдин эсебинен туйтунуу токтотулду. Өлкөдө буюртмалуу киши өлтүрүүлөр жана кылмыштар азаюуда.

    • Экономика жаатында. Революция койгон мүдөө-максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн башка өлкөлөр менен тең укуктуу мамилелерди түзүү аракеттери жасалууда. Президент А.Атамбаевдин демилгеси боюнча «2013–2017-жж. өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» иштелип чыкты. Өкмөт ИДПнын (ички дүң продуктунун) өсүү көрсөткүчүн 7 %га жеткирүүгө милдеттендирилди. Тышкы соодадагы импорт менен экспорттун ортосундагы айырма ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн эсебинен жоюлат. Өнөр жай көрсөткүчтөрүнүн өсүшү 7 %ды түздү, социалдык долбоорлор (үйлөрдүн курулушу ж.б.) жаңыртылды, пенсиялар жана эмгек акылар бир аз көбөйтүлдү. Энергетикалык көзкарандысыздыкка карай алгачкы кадамдар жасалып, Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин каскаддарынын курулушунун долбоорлору түзүлдү, нефтини кайра иштетүү ишканалары курулду. Орусиялык «Газпром» компаниясы менен келишим түзүлүп, иштиктүү аракеттер жасалууда. Кен байлыктар мамлекеттин көзөмөлдүгүнө берилип, алтын жана көмүр кендери казыла баштады. Алтындын кору боюнча дүйнөдө 7-орунда турган «Кумтөр» алтын кени бюджетке 7 млрд сом которууну пландаштырууда. Андан тышкары, 38 алтын кенин (Талды-Булак, Жер-Үй, Казан-Куйган, Андаш ж.б.) иштетүү пландаштырылууда.

    • Кадрлар жаатында. Адилеттүүлүк үчүн коомчулуктун бир бөлүгүнүн: «Революция максатына жетпей калды», — деген нааразы билдирүүсүн айтып коюу абзел. ЖМКларда кадр маселесиндеги экономикада өзгөрүүлөрдү жасай турган, реформа жүргүзө турган команданы түзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткан башаламандыктар жөнүндө көп жазылууда. Эл партияларга ишенип, аларга улуттук деңгээлдеги маанилүү проблемаларды жана кадрлар маселесин чечүү милдетин жүктөдү. Бирок бул партиялык текеберчиликти күчөтүп, мамлекеттик кызматтарды бөлүштүрүү үчүн жан далбастатып койду.


    5-тиркеме
    Апрель революциясынын тарыхый мааниси
    2005-жылдагы март окуяларынын толкунунда келген жаңы бийлик элдин үмүтүн актабай, тескерисинче, өлкөдөгү жалпы абал начарлап, акырында 2010-жылдын 6–7-апрелиндеги элдик революцияга алып келген. Өкмөттүн элдин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндөгү 2010-жылы март айында өткөн Элдик Курултайлардын талаптарына президент К.Бакиев байкамаксан болгонго, оппозициянын лидерлерин камаганга, эл толкунун күч колдонуу менен басууга жасаган аракеттерине коомчулуктун нааразылыгы күчөгөн.

    «Бийлик жүгү» деген түшүнүк бар. Ал артыкчылыктарды гана эмес, мамлекеттин коопсуздугу, ар бир жарандын өмүрү жана бейпилдиги үчүн зор жоопкерчиликти да камтыйт. Миллиондогон элдин жолбашчысы катары, мамлекеттин башчысы катары биринчи орунга өз кызыкчылыктарын эмес, өлкөнүн коопсуздугун коюуга милдеттүү. Бийликтин былк эткис эрежеси ушундай, «бийликтин жүгү жана кыйшайбас каражаты» мына ушундай. Ошондуктан элдик көтөрүлүштөр учурундагы элдин материалдык жоготуулары, талап-тоноочулуктар жана башаламандыктар үчүн жоопкерчилик толугу менен Кыргызстандын качып кеткен эки президентине — Акаевге жана Бакиевге — жүктөлөт.

    2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын калкы өзүнүн тарыхый процесстин жигердүү субъекти жана бийликтин таянычы экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды. Миңдеген жылдарга созулган тарыхынын бардык мезгилдеринде эркиндикти баарынан жогору койгон кыргыз эли бул жолу да эркиндик жолун тандап алды. Авторитардык же диктатордук бийликке баш ийбеген, саясий жана экономикалык кулчулукка каршы күрөшө билген, эркиндикти туу туткан баатыр эл экенин дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу көрсөтө алды. Биз муну ар дайым эсибизде тутушубуз керек.

    2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын натыйжасында качкын президент Курманбек Бакиев президенттик ыйгарымдуу укуктан ажыратылды. Бийлик Убактылуу өкмөткө өттү. Элге каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген бир тууганы Жанышбек Бакиев, уулдары — Марат жана Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеген Максим Бакиевдер, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Коңгантиев ж.б. айыпталып, сот тарабынан акыйкат чечим чыгарылды.

    Дүйнөлүк коомчулук болсо өз кезегинде Кыргызстандагы саясий процесстер жөнүндө ар кандай деңгээлде сөз кылып, талдоолорду жүргүзө башташкан. Алсак, айрым изилдөөчүлөр Кыргызстанда болгон эки элдик революцияны (2005-жылдын 24-марты, 2010-жылдын 7-апрели) Югославия, Грузия, Украинадагы саясий окуяларга салыштырышып, бул элдин өлкөнүн ичиндеги саясий, экономикалык жана социалдык оор абалдан улам келип чыккан бийликке каршы күрөшүнүн жыйынтыгы эмес, тескерисинче, чет өлкөлөрдүн, АКШнын көптөн берки кийлигишүүсүнүн жыйынтыгы деп чыгышкан1. К.Бакиев акыркы мезгилдерде Орусия Федерациясынын Президенти В.Путинге таптакыр эле жакпай калган, ошондуктан 7-апрель окуясы толугу менен Москванын кылганы деген бүтүмдөр да болгон2. Жок, андай эмес, кыргыз окуяларынан Москванын, Вашингтондун же Пекиндин «колун» издештин кереги жок, өзү араң турган Кыргызстанды биротоло кудуретсиз кылып коюуга алардын эч кызыкчылыктары жок дешкен үчүнчүлөрү3.

    «Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 2010-жылкы апрель окуялары эң каардуу саясий зомбулук катарында калды. Андан жапа чеккендер чындыктын даңазаланышына укуктуу», — деген бааны Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча адиси Андреа Берг берген. Көз карандысыз Хьюман Райтс Уотч уюму 6–8-апрелде Кыргызстанда болгон революциялык окуялар боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүн апрель окуяларын иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүүнү тездетүүгө чакырган. Буга Убактылуу Өкмөт тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан стандарттык мүнөздөгү тергеп-тескөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

    Апрель окуяларын иликтөө тууралуу эл аралык көз карандысыз комиссия түзүү мүдөөсү Бириккен Улуттар Уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү тарабынан, АКШнын мамлекеттик департаментинин Бишкекке келген өкүлдөрү жана Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева тарабынан айтылган.

    Бакиевдерди качыруу жоопкерчилигин өз мойнуна алган Р.И.Отунбаева. К.Бакиев Кыргызстандан 2010-жылы 14-апрелде Казакстандын армиясынын АН-26 аскер учагы менен Жалал-Абад аэропортунан адегенде Казакстандын Тараз шаарына, анан Белорустун борбору Минскге чыгарылып кеткен. Экс-президент Р.Отунбаева 2013-жылы 5-апрелде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн «Аксы окуясынын, 2005- жана 2010-жылдардагы революциялардын сабактары» аттуу илимий-практикалык конференцияда: «Мына бүгүн «Ким Бакиевди чыгарып жиберсе, ошол жоопкерчиликти мойнуна алсын» деп айтып жатышат. Мен чыгардым Бакиевди. Мен жоопкерчиликти алганга даярмын. 7-апрелде Ак Үйдөн качып чыккан К.Бакиев түштүккө барып күч топтой баштаган. Абал өтө оор эле, жарандык согуш башталып кетиши ыктымал болчу. Мына ошондо мага Нурсултан Абишевич (Назарбаев, Казакстандын Президенти) телефон чалды. Ал киши: «Мен азыр Вашингтондомун. Менин жанымда азыр президент Медведев, президент Обама турушат. Булар «Бакиевди чыгарып жибериш керек» деп жатышат. Аны чыгарып жиберип, силер болсо өлкөнү толук көзөмөлдөп, тынчтыкты орноткула, колуңардан келген ишти жасагыла», — деп айтты. Мен аны Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө айттым. Көбү жок, биз жоопкерчиликти албайбыз дешип макул болбой коюшту. Ошондо мени көбү колдогон эмес, анан бул ишти өз мойнума алууга туура келди. Эки чоң мамлекеттин президенттери чыгарыш керек деп жатышса жана биздин жардам керек болсо, жардам беребиз деп жатышса, демек, биздин бардык чечимдер туура болду го деп ойлойм», — деди Р.Отунбаева.

    Кыргызстандагы Апрель элдик революциясы жергиликтүү маанидеги жөн гана «азиялык көрүнүш» эмес. Бул жогору жактагылардын «жоогазын» төңкөрүшү да эмес. Кыргызстандагы Апрель элдик революциясы Азиянын жана Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрүндөгү окуялардын өнүгүшүнө мисал боло тургандыгын белгилеп көрсөтүү маанилүү. Мурдагы саясий тартиптердин бузулушунун натыйжасында материалдык ресурстардын сарпталып бүтүшү жана эмгекчилердин экономикалык көйгөйлөрүнүн өсүшү менен, бул өлкөлөрдөгү кырдаал бир кыйла чыңалат.

    Кыргызстандын революциячыл тажрыйбасы дүйнөлүк мааниге ээ. Ал тургай, Кыргызстандагы элдик толкундоолор жана революциялар дүйнөлүк соңку тарыхтын жаңы барагынын ачылышын, жаңы доордун башталышын, социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү чоң өзгөрүштөрдү шарттап тургандай. «Эркин соода-сатык» мезгили тарых барагына бүктөлүү менен, өлкө алдына глобалдуу экономикалык интеграциялануунун милдеттерин коюуда. Ошондой эле коомдук жашоонун заманбап эрежелеринин талап кылынышы да шартталууда.

    Бул чоң өзгөрүштөр, албетте, жалпы элдин, өлкө жарандарынын катышуусуз ишке ашышы мүмкүн эмес. Саясий, социалдык жана экономикалык кризистерден чыгыш үчүн эмгекчилердин — товарларды негизги керектөөчүлөрдүн — кызыкчылыктары эске алынуучу экономикалык жана социалдык саясат жүргүзүлүүгө тийиш. Эми бардык проблемаларды рыноктук жол менен чечүү доктринасынын ордуна мамлекеттик жөнгө салуу келиши керек. Коомдук өнүгүү үчүн стратегиялык жактан эң маанилүү ишканаларды жана тармактарды мамлекеттештирүү зарыл. Илимге, билимге, инфраструктурага, социалдык проблемаларга мамлекеттик чыгымдар көбөйтүлүүгө, ал эми бизнеске болгон салык жүктөмү өсүүгө тийиш.

    Арийне, Кыргызстандагыдай чоң бизнес үчүн кризистик чыгымдардын жүгүн элге артып койсо, эртеби же кечпи сөзсүз түрдө нааразылык күч алышы мүмкүн. Натыйжада ал сөзсүз түрдө куралдуу көтөрүлүшкө алып келет. Ал эми оппозициялык лидерлерге, структураларга жана сынчыл көзкараштарга каршы репрессияларды жүргүзүү саясаты элдин кыжырын келтирип, козголоңдордун чыгышын шарттайт. Бийликтин катаалдыгы жана өжөрлүгү социалдык-саясий кризисти ого бетер курчутат, ал тургай, бийликтегилерге каршы элдин ырайымсыздыгын жаратат.
    Колдонулган адабияттар:

    Арзыматова А. Кыргызские революции и современный политический процесс. – Б., 2012.

    Грозин А.В. События в Киргизии напоминают ситуацию пятилетней давности / А. В. Грозин [Электронный ресурс]. – Режим доступа: http://materik.ru/rubric/detail. php? ID=9366.

    Иманкулов М.К. Кыргызстан тарыхы. – Б.: «Билим-компьютер», 2014.

    Казанцев А. «Большая игра» с неизвестными правилами: мировая политика и Центральная Азия. – М., 2008. – 248 б.

    Князев А. Государственный переворот 24 марта 2005 г. в Киргизии. – Б., 2007. – 272 б.;

    Market Oracle: «Революция Розы в Кыргызстане» — в чьих она интересах? [Электронный ресурс]. – Режим доступа: http://www.24.kg/politic/75343-market-oracle-laquorevolyuciyarozyv.html. – Дата доступа: 10.06.2010.



    Интернет-ресурстар.

    1 Князев А. Государственный переворот 24 марта 2005 г. в Киргизии, Б., 2007. – 272с.; Казанцев А. «Большая игра» с неизвестными правилами: мировая политика и Центральная Азия, М., 2008. – 248с.

    2 Market Oracle: «Революция Розы в Кыргызстане» — в чьих она интересах? [Электронный ресурс]. –Режим доступа: http://www.24.kg/politic/75343-market-oracle-laquorevolyuciyarozyv.html. – Дата доступа: 10.06.2010.

    3 Грозин А.В. События в Киргизии напоминают ситуацию пятилетней давности/А. В. Грозин [Электронный ресурс]. – Режим доступа: http://materik.ru/rubric/detail. php? ID=9366.



    Коьрта
    Контакты

        Главная страница


    «апрель элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси»

    Скачать 331.71 Kb.