• Адистиги: 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган Д И С С Е Р Т А Ц И Я
  • Илимий жетекчиси: Т.и.к.
  • 1 БАП. Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын Орусияга каратылышына чейинки социалдык-саясий абалы
  • 2 БАП. Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын азаттык күрөштөрү
  • Корутунду.... ..................................................................................................................
  • Диссертациялык эмгектин илимий программалар жана негизги илимий иштер менен байланышы.
  • Диссертациялык иштин хронологиялык чеги
  • Маселенин изилденүү деңгээли
  • А) Улуттук тарыхнааманын өкүлдөрү.



  • страница1/9
    Дата09.07.2017
    Размер1.98 Mb.

    Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети кыргызстандын тарыхы кафедрасы


      1   2   3   4   5   6   7   8   9

    ЖУСУП БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

    КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ КАФЕДРАСЫ

    УДК 94(575.2)

    Кол жазма укугунда

    Чодолдоева Гулзат Жусуповна

    Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарындагы социалдык-саясий абалы

    Адистиги: 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы

    тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган

    Д И С С Е Р Т А Ц И Я

    Илимий жетекчиси:


    Т.и.к., доцент Т. Ж. Жоробеков



    Бишкек-2016

    Киришүү............................................................................................................... 3

    1 БАП. Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын Орусияга каратылышына чейинки социалдык-саясий абалы

      1. Тенир-Тоо кыргыз урууларынын жайгашышы, социалдык-саясий абалы..................................................................................................................



      1. Теңир-Тоо кыргыздарынын Цинь бийликтери жана Кокон хандыгы менен болгон саясий мамилелери.......



      1. Кыргызстандын түндүк аймактарындагы уруулар аралык жана казактар менен болгон саясий мамиленин курчушунун теңиртоолуктарга тийгизген таасири...........................................................................

    2 БАП. Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын азаттык күрөштөрү

    2.1. Цинь-манчжур баскынчылыгына жана Кокон хандарынын саясатына каршы күрөштөр: Тайлак, Атантай, Ажыбек баатырлардын ишмердиги, алардын тарыхый орду..........................

    2.2 Теңир-Тоонун Орусия тарабынан каратылышы жана колониалдык саясаттын алгачкы кадамдары. Осмон Тайлак уулу ............................................................

    Корутунду.... ..................................................................................................................

    Пайдаланылган адабияттардын жана булактардын тизмеси...........................

    Кириш сөз

    Теманын актуалдуулугу. Тарыхтын объективдүү алдыга карай өнүккөн агымына карасак, ата-бабалардын өмүрү өткөн илгерки заман улам бизден алыстап баратат. Ошондой болсо да алардын өмүрү элдин оозеки баяндарында жана жазма булактарда сакталат. Ошол эл менен чогуу жашап өткөн элдик баатырлардын өмүрү көпчүлүктөн көмүскөлөнүп, өзүнчө жашап жүрдү. Азыр көп нерсе өзгөрүлүүдө. Тарыхтагы бөксө жерлер толукталып, ар бир элдин тарыхына жараша өз-өз ордуна коюу жүрүп жатат.

    Тарых илими кыргыз элин өзүн-өзү таанууга жол ачып, улуттук ар-намыс, эл биримдиги, мамлекеттик мүдөө деген түшүнүктү кастарлоону, улуттун ар тараптуу өнүгүшүнө негиз болот. Улуттук идеологиянын негизги өзөгүн да элдин өткөн тарыхы түзүш керек. Азыркы учурда, коомдук-саясий, экономикалык жана идеологиялык өзгөрүүлөрдүн, эгемендүүлүктүн натыйжасында, тарыхчыларга көз карандысыз Кыргызстандын тарыхын жазып, анын негизинде өткөн мезгилге объективдүү баа берүү милдети жүктөлдү. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевдин 2015-жылдын 30-декабрындагы “2016- жылды тарых жана маданият жылы ” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгы республиканын тарыхчылары үчүн идеологиялык багыттагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берди. Бул жарлыкта кыргыз элинин тарыхынын түйүндүү проблемалары аныкталып, аларды чечүү үчүн, конкреттүү кайсы маселелерди тереңдеп изилдеш керек экендиги дагы даана белгиленген. Жарлыкта: “мекенибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет”- деп айтылган [1.1.5-б]. Кыргыз элинин өткөн замандардагы тарыхын изилдөөдө республикабыздын эгемендик жылдарындагы мамлекеттик идеологияны, стратегиялык багытты сактаган ушул документтер мамлекет башчысынын, өкмөттүн, коомдук өнүгүүнүн бурулуш мезгилиндеги кырдаалды туура баалап, анализдөөгө багыт берген жарлыктары, токтомдору проблеманы иликтөөгө туура багыт берди.

    XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарындагы кыргыз коомундагы уруулар аралык жана коңшу элдер менен болгон мамилелери, Циндик кытай жана Кокон хандыгы менен болгон карым-катнаштар, эркиндик үчүн күрөштөр, кененирээк изилдөөнү жана жаңыча көз караштагы тактоолорду талап кылат. Анткени, Кыргызстандын тарыхы белгилүү бир деңгээлде боордош, алыс жана жакынкы элдер менен тыгыз байланышта болуп, саясий-экономикалык, маданий өнүгүүсүндө бири-бирине, өз ара таасирин тийгизгени талашсыз.

    Теңир-Тоо системасы (тилкеси) Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн камтыйт. Анын кыргызча өз аты Теңир-Тоо же Ала-Тоо (теңир, асман – кытайча тянь, тоо- кытайча шань, башкача айтканда асман тиреген бийик тоо дегенди билдирет). Тоонун азыраак чыгыш бөлүгү Кытай ээлигинде, көбүрөөк борбордук жана батыш бөлүгү негизинен Кыргызстанга тиешелүү [2.87.132-б]. Теңир-Тоо (Тянь-Шань) тоо системасы – чыгыштан Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автоном районунун түндүк-чыгышынан башталып, түштүк-чыгыш Казакстанды, бүтүндөй Кыргызcтанды жана батыштан Өзбекстандын чыгыш булуңун камтыган ири аймак болуп эсептелет [2.86.197-б]. Демек, Теңир-Тоо түшүнүгүнүн кең маанисинде Кыргызстандын бүтүндөй түндүгүн, Казакстандын түштүк-чыгышын, Фергана өрөөнүнүн тоо кыркаларынан Памирге чейин, азыркы СУАРдын аймактарын камтып кетет. Ал эми тар маанисинде Борбордук Теңир-Тоо деген тарыхый-географиялык түшүнүк өз ичине бир нече өрөөндү камтыйт. Алар Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торо өрөөндөрү, Арпа, Ак-Сай, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Кара-Кужур, Кара-Саз, Солтон-Сары жайлоолору болуп саналат.

    Азыркы Кыргыз Республикасынын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Теңир-Тоо системасы (тилкеси) ээлейт. Бул системаны чечмелеп айтсак, географиялык аталыштагы Теңир-Тоо аймагы – чыгыш бөлүгү кытай ээлигинде (Чыгыш Түркстан), түштүк-чыгышынан Казакстанды, Кыргызстанды жана Өзбекстандын чыгыш булуңун камтыган зор мейкиндик болуп саналат. Ушул зор аймакта XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарында сарыбагыш, бугу, саяк, черик, моңолдор, басыз ж.б. уруулар мекендеп жашашкан. Биз изилдеп жаткан мезгилде аягы Талас, башы Сары-Өзөн Чүй, Ысык-Көл ойдуңу, Теңир-Тоо чөлкөмүндөгү: Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары менен Суусамырда бир кылымга жакын кыргыздар, тынчын алган чет душмандарга каршы тынымсыз боштондук күрөшүн жүргүзүп келишкен.

    Кыргыздар XVIII-XIX кылымдарда үч өлкөнүн: Кокон хандыгынын, Орусиянын жана Цинь Кытайынын экономикалык кызыкчылыктарынын объектисине айланган. Ошондой эле бул тарапка дагы колониалдык умтулуусун Улуу Британия да жашырган эмес.

    Теңир-Тоонун Орусия жана Кытай үчүн геосаясаттык мааниси чоң болгон. Цинь империясы өздөрүнө чек аралаш жайгашкан Чыгыш Түркстанды басып алууга умтулса, ушундай эле максатты көздөгөн Орусия үчүн Кашкар аркылуу түз соода жолу ачылмак. Ал эми Кокон хандыгы Мадали хандын тушунда, Ферганалык кыргыздар жана тажиктер жашаган чөлкөмдөрдү басып алуу, анын тышкы саясатындагы биринчи пландагы маселе болгон. Бул процесс XVIII кылымдын акыркы чейреги аяктагандан кийин, Кокон башкаруучуларынын жүзү Теңир-Тоого бурулган. Себеби, Кокон хандыгы үчүн бул аймактын саясий-экономикалык мааниси жогору болгон. Бул аймакка үстөмдүк кылуу үчүн хандык жерге болгон ээликке, куралдуу күчкө таянып башкаруунун катаал формасын тандап алган. Ошондой эле алык-салыктардын өсүшү, жергиликтүү бийликтегилердин зулумдуктары жана жоопкерсиздиги элдик кыймылдарын чыгышына алып келген.

    Жогорудагы белгиленген проблемалар, Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарындагы саясий-социалдык абалын изилдөөдөгү эң актуалдуу маселелерден экендигин айкындайт. Демек, аталган проблема кыргыз тарых илими тарабынан атайылап изилдене электигине байланыштуу анын илимий жана практикалык маанисин арттырат.



    Диссертациялык эмгектин илимий программалар жана негизги илимий иштер менен байланышы. Диссертация демилгелүү иш болуп эсептелинет.

    Изилдөөнүн максаты жана милдеттери. Диссертациялык иштин максаты, XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарындагы Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын социалдык-саясий абалын, алардын Кокон хандыгы менен мамилелеринин өзгөчөлүктөрүн, коңшулаш элдер жана уруулар ортосундагы карым-катнаштарын, ошол доордогу кыргыздардын цинь-манчжур үстөмдүгүнө каршы күрөшүн жана ал күрөштүн башында турган инсандардын ролун, Орусия империясы менен мамилелердин түзүлө башташын жана андан аркы өнүгүү процессин изилдөө болуп саналат.

    Мына ушул максаттарга ылайык диссертациялык изилдөөнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй милдеттер коюлду:

    Теңир-Тоодогу кыргыз урууларынын территориялык жайгашышын,элинин санын, алардын социалдык-саясий өнүгүшүнүн этаптарын иликтөө;


    1. XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарындагы Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын социалдык-саясий абалын ачып берүү;

    2. Тенир-Тоо кыргыздарынын Кокон хандыгы менен болгон социалдык-саясий мамилелерин аныктоо;

    3. Теңир-Тоо кыргыздарынын коңшу элдер менен болгон уруулар аралык жана саясий мамилелеринин этаптарынын өзгөчөлүгүн изилдөө;

    4. Кыргыздардын, анын ичинде Теңир-Тоо кыргыздарынын Цинь-манчжур баскынчылыгына жана Кокон хандарынын саясатына каршы күрөштөрүндөгү Атантай, Тайлак, Ажыбек баатырлардын ордун жана ролун аныктоо;

    5. XIX кылымдын 60-жылдарындагы Теңир-Тоолук кыргыздардын Россия империясы менен болгон байланыштарынын, саясий мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн иликтөө.

    6. Ошондой эле Теңир-Тоо кыргыздарынын Россия тарабынан каратылышынын жана анын колониалдык саясаттарынын алгачкы кадамдарын аныктоо.

    Диссертациялык иштин хронологиялык чеги Иштин хронологиялык чеги XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарын камтыйт. Кыргыз элинин, анын ичинде Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын Циндик Кытай, андан соң Кокон хандыгына каршы эркиндик үчүн күрөштөрү, уруулар аралык жана коңшу элдер менен түзгөн алака-байланыштары, Россиянын курамына киргенге чейинки орустар менен мамилелердин түзүлө башташы жана өнүгүү процесси ушул мезгилди кучагына алат.

    Изилдөөнүн объектиси XVIII кылымдын экинчи жарымы- XIX кылымдын 60-жылдарындагы Борбордук Теңир-Тоодогу саясий-социалдык абалды илимий деңгээлде баяндап жазуу изилдөөнүн негизги объектиси болуп саналат.

    Изилдөөнүн предмети Теңир-Тоо кыргыз урууларынын жайгашышы, социалдык-саясий абалы, ошондой эле кыргыздардын цинь бийликтери жана Кокон хандыгы менен болгон саясий мамилелери, алардын түндүк аймактарындагы уруулар аралык жана казактар менен болгон саясий мамиленин курчушунун теңиртоолуктарга тийгизген таасири изилдөөнүн предмети болуп саналат.

    Борбордук Теңир-Тоо кыргыздарынын Кокон хандыгы жана коңшу элдер менен болгон мамилелерин, алардын боштондук жана көз карандысыздык үчүн сырткы душмандар:цинь-манчжурлар жана Кокондуктардын баскынчылык саясатына каршы күрөштөрүнүн жүрүшүндөгү, кыргыз бийлеринин жана баатырларынын ролун ачып көрсөтүү, тарыхый кырдаалдарга байланыштуу Теңир-Тоонун Орусия тарабынан каратылышынын жана колониалдык саясатынын алгачкы кадамдарын иликтөөгө алуу дагы диссертациялык изилдөөнүн мазмунун чагылдырат.



    Маселенин изилденүү деңгээли Кыргыз элинин XVIII кылымдын экинчи жарымы-XIX кылымдын 60-жылдарындагы социалдык-саясий абалы Кыргызстандын тарыхынын орчундуу проблемасы катары, XVIII кылымдын экинчи жарымынан баштап азыркы күнгө чейин актуалдуу болуп саналат. Ошондуктан аталган проблема боюнча изилдөөлөрдү жана эмгектерди шарттуу түрдө үч мезгилге бөлүп кароого болот:

    1. XVIII кылымдын экинчи жарымынан ХХ кылымдын башына чейин же 1917-жылга чейинки жарыяланган макалалар жана иликтөөлөр; 2.совет доорунда жаралган эмгектер; 3.эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилдеги илимий изилдөөлөр.

    I.Биринчи мезгил – бул мезгилдеги иликтөөлөрдүн алгачкы башаты XVIII кылымдын экинчи жарымы же жунгар хандыгы кулагандан кийин орус тарыхчылары жана чыгыш таануучуларынын эмгектеринен башталат. Россия империясынын Орто Азияны каратуу аракеттери башталгандан тартып атайын уюштурулуп, жөнөтүлгөн чалгындоо-илимий экспедициялардын жана мамлекеттик кызмат чиновниктеринин, аскер адамдарынын, орус жана чет элдик саякатчы-изилдөөчүлөрүнүн эмгектери алгачкы тарыхнаамалык маалыматтар болуп саналат. Алардын айрым жазма түрүндөгү билдирүүлөрүндө (аскердик чалгындоо, илимий ж.б. отчётторунда), кыргыз элинин коомдук-саясий, социалдык абалы, материалдык жана руханий маданияты, чарба жүргүзүүсү ж.б. жөнүндө үзүл-кесил маалыматтар келтирилет.

    Эң алгачкы изилдөөлөрдүн бири капитан И.Г.Андреевдин эмгектери болуп эсептелет [2.27]. Ал өз эмгегинде кыргыздар тууралуу эскерип, алардын казактар менен коңшулаш жашарын, эки элдин ортосун Иле дарыясы бөлүп турары тууралуу айткан. Белгилей кете турган нерсе, ал кыргыздар жөнүндө уккан-билгендерин гана жазуу менен чектелген.

    XIX кылымдын башында орус изилдөөчүлөрдүн тобу кыргыздардын саясий алакаларынын маңызын бир аз тереңирээк иликтей баштады. Алардын бири полковник Ф.К.Шубиндин отряды менен кошо Жети-Сууга келген дарыгер Ф.К.Зибберштейн болгон. Ал кыргыздар тууралуу бир аз маалымат берет. Анда Туз-Көл же Ысык-Көл, Чүй жана Талас дарыялары тууралуу жазылган [1.21.2-2 об]. Ал эми А.И.Левшин 1832-жылы жарык көргөн өз монографиясында кыргыздардын сабаттуу адамдарды сыйлай турганын, жылуу маанай, конок күтүү каадасы сыяктуу түшүнүктөр касиеттүү парз экенин, кыргыздар ич ара жана башка коңшулаш элдер менен да сый алакада жашап жатканын далилдүү түшүндүрүп берген. Андан тышкары Абылайдын кыргыздарга кол жыйнап аттанып барганы тууралуу алгачкы маалымат ушул эмгекте айтылат [2.92]. Мындан тышкары П.А.Словцовдун [2.122], Н.А.Северцовдун [2.119], В.В.Вельяминов-Зерновдун [2.51], Ч.Валихановдун [2.46,47,48], Семенов Тянь-Шанскийдин [2.120,121], А.П.Федченконун [2.141], Л.О.Костенконун [2.82] ж.б. атайын эмгектеринде, чакан публикацияларында кыргыздар боюнча анын ичинде Теңир-Тоолук кыргыздардын турмушу боюнча да маалыматтар белгилүү деңгээлде чагылдырылган.

    П.А.Словцов өзүнүн эмгектеринде улуу Теңир-Тоого болгон саякатын жазып калтырып, өзүнөн башка дагы саякатчылардын ал келген жерлерге келип, эмнени жана кантип изилдегендерин айтып өткөн. Ал Теңир-Тоодогу жаныбарлар дүйнөсүн, ал жердеги жашаган калктын жашоо-тиричилигин, соода-сатыкка болгон түшүнүктөрүн, мамилелерин, алардын көчмөн эл болорун, алар каракыргыздар деп атала тургандыгын туура белгилеген. Андан тышкары П.А.Словцовдун эмгектеринде XVIII кылымдагы кыргыз-орус байланыштары менен катар, XIX кылымдын башындагы кыргыз-орус дипломатиялык алакалары туурасындагы алгачкы маалыматтар учурайт. Ал эми В.В.Вельяминов –Зернов Кокон хандыгынын саясий тарыхын изилдеп, андагы жашаган кыргыз урууларынын саясий турмушуна баа берүүгө далалат жасаган. Ал хандыктын кыргыз жана кыпчак уруу төбөлдөрүнүн саясий бийлик үчүн жүргүзгөн ич ара күрөшү туурасындагы баалуу маалыматтарды келтирет.

    Дээрлик ушул мезгилден тартып орус изилдөөчүлөрүнүн арасында кыргыздардын Кокон хандыгына болгон мамилелерин айрым ажыратып караган, тагыраак айтканда түштүк жана түндүк кыргыздарынын тышкы саясий байланыштарын жиктештирип изилдеген багыт калыптана баштайт. Бул көз карашты казак элинин уулу, чыгаан окумуштуу Ч.Валиханов уланткан. Анын бай тарыхый мурасында кыргыз-орус, кыргыз-казак байланыштарын, дегеле кыргыз элинин жашоо-шартын, турмуш-тиричилигин, коомдук-саясий абалын, жалпы эле Борбордук Азияда болуп өткөн тарыхый процесстерди терең үйрөнүүгө мүмкүндүк берген баалуу маалыматтар кенен чагылдырылган. Ал 1856-жылы Кулжага сапар алып, ал жерде үч ай жашаган. Бул сапарынан кайтып келгенден кийин Батыш Кытайдагы саясий окуялардан кабар берип туруу үчүн, 1857-жылы кайрадан кыргыз элине жиберилет. Мына ушул саякаттардын натыйжасында ал өтө баалуу илимий эмгектерди жараткан. Кийин 1858-1859-жж. Кашкардан кайра келе жатканда да Кыргызстанда болгондугу белгилүү. Окумуштуунун ошол жылдары жазган эмгектеринде Теңир-Тоо кыргыздары тууралуу маалыматтар бар. Ал Цинь империясынын Борбордук Азияга болгон мамилесинин агрессивдүү мүнөзүн калыстык менен белгилеп өткөн. Богдыхан Хун Ли Тан империясынын Борбордук Азияга болгон согуштук экспансиялык саясатын уланткысы келгендигин жазган. Андан тышкары, Ч.Валиханов кыргыздардын Кокон хандыгы менен болгон мамилелеринин урунттуу учурларын таасын көрсөткөн. Ал “Кокон хандыгы тууралуу жазмаларында” кыргыз элинин саясий турмушуна Кокон хандыгынын таасири, ошондой эле Кокон хандыгынын саясатын колдоп, аскер кураган кыргыз урууларынын жайын жазган. Ч.Валиханов анда алгачкылардан болуп Кокон хандыгын өзбектердин гана мамлекети деп кароо туура эмес экендигине көңүл бурган. Ал эми “Алтышардын абалы” тууралуу билдирүүлөрүндө, Нарында жашаган Теңир-Тоолук кыргыздар тууралуу эскерген. Ал жердеги саяк, черик жана бугу урууларын санап өтүп, алардын Кокон хандыгына болгон мамилелерин изилдеген. Анын билдирүүсү боюнча Куртка чебинин айланасында 600 боз үйлүү саяктар, 1500 боз үйлүү чериктер мекендээрин айткан [2.48. 191-209-бб.].

    Борбордук Теңир-Тоого байланышкан маалыматтардын көбү П.П.Семенов Тянь-Шанскийдин жана Н.А.Северцовдун эмгектеринде кездешет. П.П.Семенов кыргыз бийлеринин саясий абалына жана ага карата көз карашына да өзгөчө көңүл бөлгөн. Падыша өкмөтүнүн басып алуучулук саясатына кызмат кылганына карабастан, П.П.Семенов-Тянь-Шанский орус бийлигинин чиновниктерине жазган баян каттарында [2.120.121.] кыргыз калкынын тагдырына кабатыр болгон гумандуу көз карашын билдирген. Ошондой эле ал, кыргыздар орустарга баш ийбей, кокондуктарга биригип кетүү коркунучу бар деген пикирин билдирген.

    1859-жылдын июнь-июль айларында чалгындоо отрядын баштап, Чүй, Ысык-Көл, Теңир-Тоонун чет жакаларын изилдеп, кыргыз урууларынын орун алган жерлеринин картасын тарткан жаш офицер, окумуштуу-географ М.И.Венюков да мурунку изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянып, өзү күбө болгон окуяларын китебинде кеңири баяндаган [2.52.110-б].

    XIX кылымдын биринчи жарымынан кийин Түркстан жерине, кыргыз элине ар кыл кесиптин ээси болгон орустун окумуштуулары, чиновниктери келип, ар түрдүү изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Мазмуну менен көлөмү, алдына коюлган максаттары боюнча баскынчылык саясатка кызмат кылганына карабай, алардын эмгегинде тарыхый фактылар көп учурап кыргыз элинин саясий, социалдык, коомдук турмушун ар тараптан изилдөөгө жардам берет. Бул багытта А.И.Макшеевдин [2.95.]., Россиянын таланттуу географы Н.А.Северцовдун [2.119] эмгектерин белгилөөгө болот.

    Кыргыздар тууралуу кызыктуу маалыматтар Н.И.Гродековдун [2.56]., Н.Зеланддын [2.73.]., В.П.Наливкиндин [2.100]., Н.И.Потаниндин [2.112] эмгектеринде арбын жолугат. Алардын ичинен кыргыз элинин Кокон хандыгындагы орду жана алардын өз ара байланышы тууралуу көрүнүктүү чыгыш таануучу В.П.Наливкиндин “Кокон хандыгынын кыскача тарыхы” аттуу китебинде көптөгөн кызыктуу маалыматтар бар. Кокон хандыгынын тушундагы кыргыз элинин саясий-коомдук жана экономикалык абалы абдан терең иликтенген бул эмгек азыркы мезгилге чейин өз маанисин жогото элек.

    Түркстан жерине келген чет элдик илимий экспедициялардагы саякатчылардын баяндамалары менен эмгектериндеги баалуу маалыматтар кыргыз элинин тарыхын тактоого көмөк берет. Алсак, Венгрия академиясынын мүчөсү Армений (Германн) Вамберинин калтырган кол жазмасы жана эмгеги Россияда жана Чыгыш элдеринде да жогору бааланып, 1865-жылы англис тилинен орус тилине которулган [2.49]. А.Вамберинин эмгегинде Кокон хандыгынын кол алдындагы кыпчактар, алардын казак, кыргыздар менен этносаясий жактан жакындыгы жөнүндө жаңы маалыматтар берилген.

    Мындан тышкары XIX кылымдын 2-жарымында батыштан чыккан газета-журналдарда алардын Орто Азиядагы ар кандай миссиялар менен жүргөн аскер адамдары ж.б. жергиликтүү Орто Азиянын элине биз Европалык мамлекеттик түзүлүштү жана маданиятты алып келдик деген сыяктуу макалаларды жарыялап турушкан. Мисалы, Англиялык миссионер Форсайт “Туркестанские ведомости” аттуу газетадагы макаласында “Европа мамлекеттери Азиянын жапайы элине өздөрүнүн “адилеттүүлүк” миссиясын ишке ашырат”-деп жазган [3. 159].

    II. Экинчи мезгил - советтик тарыхнаамада тоталитардык система өкүм сүрүп турган учурда да тарыхчылар кыргыз элинин тарыхын, объективдүү изилдешип, олуттуу салымдарын кошушту.Советтик тарыхнаамадагы каралып жаткан маселени изилдөө үч этапка бөлүнөт: 1) ХХ кылымдын 20-30-жылдарындагы изилдөөлөр; 2) 40-жылдардан 50-жылдардын аягына чейин; 3) 50-жылдардан 80-жылдардын аягына чейин.

    1. ХХ кылымдын 20-30-жж. Кыргызстандын тарыхын изилдеген алгачкы тарыхчыларыбыздын бири Белек Солтоноев болгон. Автордун эки китептен турган “Кызыл кыргыз тарыхында” XX кылымдын 30-жылдарындагы советтик тоталитардык система күч алган мезгилде, (1895-1934-жж) камтылган маалыматтарда кыргыз элинин тарыхы так жана калыс баяндалган. Эмгекте, кыргыз элинин байыркы доордон тартып, ХХ кылымдын 30-жылдарына чейинки тарыхынын урунттуу учурлары, окуялар тарыхый материалдардын негизинде өтө ынанымдуу, жатык тилде кыскача баяндалган. Өзгөчө, Тайлак баатыр менен Циндик кытайлардын, Теңир-Тоолук кыргыздар менен Кокон хандыгынын ортосундагы боштондук үчүн болгон күрөштөр таасирдүү берилген [2.124], [2.125]. Б.Солтоноевдин 1927-1937-жылдардагы КАССРинин совнаркомунда түрдүү илимий кызматтарда иштеген мезгилде китеп кылып даярдап, бирок жарык көрбөй, эгемендүүлүк маалында гана китеп болуп чыкса да, биз бул эмгекти советтик тарыхнааманын алгачкы жылдарына коштук. 2003-жылы Б. Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы” китеби Алматыдан алынган өзүнүн кол жазмасынын түп нускасынын негизинде кайрадан басылып чыккан.

    Ал эми орус окумуштуулары В.В.Бартольд [2.36, 2.37] жана С.М.Абрамзон [2.24] Кыргызстандын тарыхын булактарга таянуу менен изилдеп жазышты. Академик В.В.Бартольддун “Кыргыздар” аттуу тарыхый очерки маанилүү тарыхый булактардын негизинде жазылган алгачкы илимий эмгек болуп эсептелет. Анда байыркы доордон тартып XIX кылымдын ортосуна чейинки кыргыз элинин тарыхы камтылган.

    Кыргыз элинин этногенезин ар тараптуу изилдеген ири окумуштуу С.М.Абрамзон заман шартындагы идеологиялык чектөөлөргө карабастан кыргыз тарыхына өз салымдарын кошушкан инсандар жөнүндө жазып кеткен.

    20-30-жылдардагы жогорудагы иликтөөгө алынган илимий эмгектер Кыргызстанда улуттук тарыхнааманын калыптанган учуруна туш келип, кыргыз элинин XIX кылымдагы саясий тарыхын, ички жана тышкы саясий мамилелерин изилдөө жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөн.

    2. ХХ кылымдын 40-50-жылдарында, Кыргызстандын тарыхынын олуттуу окуяларын, кыргыз элинин коомдук, социалдык-саясий абалын, кыргыз – кокон, кыргыз – орус байланыштарын көрүнүктүү окумуштуулар Б.Д.Джамгерчинов, А.Х. Хасановдор архивдик материалдарга таянуу менен терең изилдешип өз салымдарын кошушту.

    Б.Д.Джамгерчинов XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыздардын эл аралык абалын, коомдук-экономикалык түзүлүшүн, феодалдык-уруулук чыр-чатактарын, 40-жж. өз алдынча хандык түзүү аракеттерин жана көз каранды эместик үчүн күрөштөрүн кыйла терең изилдеди. Автор, өз эмгектеринде орус тилиндеги документалдык материалдар менен бирге, кыргыз булактарын, тагыраак айтканда алардын орус тилиндеги канцеляриялык варианттарын арбын колдонгон, ошондой эле кыргыз жазма эстеликтерин тарыхый булактардын өзгөчө тобу катары караган [2.59.,60.,61.,62.,63.,64.,65].

    Ал эми А.Хасанов, кыргыздардын Кокон хандыгы жана Орусия менен болгон мамилелерин ар тараптуу изилдөөгө алып, Теңир-Тоодогу саяк, черик, борукчу урууларынын Кашкар, Кытай, Кокон хандыгы жана Россия менен болгон байланыштарын, мамилелерин, алардын Орусия менен алгачкы алакаларын терең иликтеди [2.142., 143.,144., 145]. Ошондой болсо да жогоруда эскертилген А.Х.Хасановдун “Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства ” деген монографиясында, изилдөөчү Ж.Жакыпбеков баса белгилеп көрсөткөндөй XIX кылымдын 1-жарымындагы кыргыз элинин кокон төбөлдөрүнүн феодалдык эзүүсүнө каршы күрөшүнүн мүнөзүн, себептерин ачып көрсөткөн 2-главасында Тайлак баатырдын, Мадали хандын жазалоочу отрядынын кол башчысы Арап менен болгон салгылашуусу эч кандай булактарга сын көз менен мамиле кылбастан, Ы.Абдрахмановдун фольклордук материалынын негизинде гана компилятивдик мүнөздө берилип калгандай таасир калтырат [2.145.40-б].

    Советтик тарыхнааманын 50-80-жылдарында жарыяланган эмгектерди бөлүп кароону туура таптык. А) Улуттук тарыхнааманын өкүлдөрү. Кыргыз тарыхчыларынын ичинен жогорку эки окумуштуудан айырмаланып, тарыхчы К.У.Усенбаев Кокон хандыгынын мезгилиндеги кыргыз элинин социалдык-экономикалык абалын “Общественно-экономические отношения киргизов в период господства Кокандского ханства (до присоединения Киргизии к России)” (Фрунзе–1961) деген эмгегинде абдан таасын ачып көрсөткөн. Автордун башка эмгектеринде да Борбордук Теңир-Тоолук кыргыздарга тиешелүү баалуу маалыматтар бар [2.140].

    Изилденип жаткан проблеманы тереңдеп билүүгө академик В.М.Плоскихтин эмгектеринин да мааниси бар. Ал алгачкылардан болуп, XIX кылымдын башындагы араб алфавитиндеги жергиликтүү документтердин топтомун жарыялап, аларды атайын изилдөө баалуу маалыматтарды берээр эле деген тыянакка келген [2.110. 91-б].

    Изилдөөчү ошондой эле кыргыздардын, Теңир-Тоо көчмөндөрүнүн Кокон хандыгы, Орусия менен болгон өз ара мамилелерин “Киргизы и Кокандское ханство”, “Первые киргизско-русские посольские связи (1784-1827 гг.)” деген эмгектеринде кеңири иликтеген [2.109., 108].

    Ошол эле учурда академик В.М.Плоских кырк басма табактан турган “Киргизы и Кокандское ханство” деген монографиясында Тайлак баатыр жөнүндө эки гана жеринде эскертип кетет. Биринчиси, - 105-бетинде автор Атантай менен Тайлактын Кокондон атчан аскерлер менен болгон кагылышуусунда жеңилип, туткунга алынгандарын баяндап келип, анан аларды Ташкендин жиберген өкүлү Иса датканын күбөлүгү менен өз жерине кайтып келгендигин баяндайт. Экинчиси, - 284-бетте В.М.Плоских, А.Чоробаевдин поэмасына таянып Тайлак баатырдын Курткадагы Кокондун үстөмдүгүн кулатканын жазып келип анын Кокондун тыңчысы Көр Аким тарабынан ууланып өлтүрүлгөнүн гана кыскача баяндайт. Демек, академик В.М.Плоских бул монографиясында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы элдик көтөрүлүштүн жүрүшүн, анын натыйжаларын, анын жетекчиси Тайлак баатырдын тарыхтагы ордун жана социалдык жүзүн ачып берүүнү максат кылган эмес. Себеби советтик тарыхнаамада эл ичинен чыккан тарыхый инсандардын, эл башкаруучулардын жекече тарыхка кошкон салымдарын иликтеп элге жеткирүү деген концептуалдык багыт, түшүнүк болгон эмес.

    80-жылдары жарык көргөн тарыхчы окумуштуу Д.Б.Сапаралиевдин [2.115.] XVIII-XIX кылымдардагы кыргыз элинин коңшу элдер менен болгон байланыштарына арналган эмгектери жарык көргөн. Автордун “Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец XVIII-XIX в)” аттуу эмгегинен XVIII кылымдын экинчи жарымынан - XIX биринчи жарымына тиешелүү маалыматтарды ала алдык.


      1   2   3   4   5   6   7   8   9

    Коьрта
    Контакты

        Главная страница


    Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети кыргызстандын тарыхы кафедрасы