• Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев
  • Маалымкат негиздеме
  • Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Осмоналиев С.К. Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна мамлекеттик органдардын жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эскертүүлөрү жана сунуштары боюнча матрица
  • Өкмөттүн Аппаратынын агро-өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Осмоналиев С.

  • Скачать 114.09 Kb.


    Дата15.05.2017
    Размер114.09 Kb.

    Скачать 114.09 Kb.

    Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 5 май 2012 жылдагы №315 токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын



    Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 25 май 2012 жылдагы №315 токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 апрель 2012 жылдагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн

    Токтому

    Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын асыл - тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү» мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2011-2015 жылдарда асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» 5 июль 2012 жылдагы № 367 токтомун аткаруу, асыл-тукум малдардын генетикалык ресурсун сактоо, генетикалык фонд чарбасын , уруктардын банкын тузүү, мамлекеттик мүлктү максаттуу, натыйжалуу пайдалануу учун Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү

    токтом кылат:


    1. Мамлекеттик «Элита» көмөкчү чарбасы, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин курамына, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун карамагынан өткөрүлсүн.

    2. Мамлекеттик «Элита» көмөкчү чарбасы, «Республикалык айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча асыл - тукум станциясы» болуп аты өзгөртүлсүн.

    3. , Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги: - Мамлекеттик «Элита» көмөкчү чарбасын өзүнүн карамагына өткөрүп алсын;

    • Бир айлык мөөнөттө:

    • Республикалык айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча асыл - тукум станциясы» мамлекеттик ишканасынын Жобосун бекитүү жөнүндөгү токтомдун долбоорун Кыргыз

    • Республикасынын Ɵкмөтүнө киргизсин.

    • Бул токтомдон келип чыккан уюштуруу жана башка чараларын көрсүн.

    4 .Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»1 август 2012 жылдагы №528 чи токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн карамагындагы

    мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондусунун башкаруу схемасынын 3чү пунктундагы 6чы позиция күчүн жоготту деп табылсын.

    5. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондусунун маселелери тууралуу» 20 февраль 2012 жылдагы №134 чу токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3 чү тиркемедеги Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик мүлк боюнча Фондусунун « Мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик көмөкчү чарба «Элита» 9чу позициясы алынып ташталсын.

    6. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндөгү» 20 февраль 2012 жылдагы №140 токтому менен бекитилген айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы



    Республикалык айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча «Элита» асыл-тукум станциясы

    мазмунундагы позиция менен аныкталсын.

    7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн аппаратынын агро-өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.

    8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

    Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев

    тиркеме



    Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин

    Башкаруу схемасы



    Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги

    прямая со стрелкой 1





    Республикалык айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча «Элита»асыл-тукум станциясы



    Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 25 май 2012 жылдагы №315 чи токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жɵнүндɵгү «Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 апрель 2012 жылдагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн токтомуна
    Маалымкат негиздеме
    Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 25 май 2012 жылдагы №315 чи токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 апрель 2012 жылдагы айрым чечимдерине өзгөртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын асыл – тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү » мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасында 2011-2015 жылдарда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндөгү » Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2 пункт 3 абзацын аткаруу үчүн, Элита мамлекеттик чарбасынын жамаатынын 26 киши кол коюп кайрылган катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8.10.2012 ж. № 19-31120 каты менен бул чарбаны айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү токтом долбоорун даярдоо тапшырмасын бергенине ылайык, жана асыл-тукум малдардын генетикалык ресурсун сактоо, генетикалык фонддук чарбаны, уруктардын банкын түзүү, мамлекеттик мүлктү максаттуу, натыйжалуу пайдалануу үчүн иштелип чыкты.

    Бул долбоор «Кыргыз Республикасынын асыл – тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү » 27 апрель 2009 жылдагы № 133 мыйзамынын 6 беренесинин 1,2 пунктунун жоболоруна шайкеш келет.

    Жогоруда аталган токтомдун максаты болуп асыл-тукум иштерин көтөрүү, айыл- чарба малдарынын генетикалык фондун жакшыртуу, сактоо, республиканын элинин малынын кунардуулугун, асыл-тукум сапаттарын жогорулатуу үчүн таасирдүү мүмкүнчүлүктөрдү алуу болот.

    Бул долбоор 14 министрлик жана ведомстволор менен макулдашылган.

    Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамынын 22чи беренесине ылайык 27 декабрь 2012 жылы бул долбоор Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин расмий сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жогоруда аталган долбоорун кабыл алуу укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

    Бул токтомдун кабыл алынышы 2013 жылга бюджетте каралган чыгым беренелеринен башка бюджеттик кошумча чыгымдарды талап кылбайт,

    Жогорудагы жазылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 25 май 2012 жылдагы № 315 токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 апрель 2012 жылдагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн токтомун кароого киргизет.


    Агроөнөр жай комплекси

    жана экология

    бөлүмүнүн башчысы Осмоналиев С.К.
    Агроөнөр жай комплекси

    жана экология бөлүмүнүн

    эксперти Жумаев Н.К.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25 май 2012 жылдагы №315 чи токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 апрель 2012 жылдагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө »Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна мамлекеттик органдардын жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эскертүүлөрү жана сунуштары боюнча

    матрица




    Макулдашуучу мамлекеттик орган

    Эскертүүлөрү/Сунуштары


    Айыл чарба министрлигинин корутундусу

    1.

    Экономика министрлиги

    1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5 июль 2011 ж №367 ж. Улуттук стратегиясынын ишке ашыруу иш чаралары оңдолушу керек

    2.Токтомдун атын өзгөртүү керек

    3.Мамлекеттик ишкананын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү керек


    Эске алынган жок.

    Себеби: Иш чараларда бул токтомдун аткарылышы инвестициялардын жана донорлордун гана эсебинен каралган. Республикалык бюджеттен каражаттар каралган эмес. Азыркы мезгилде КР АЧМ тарабынан «Элита” республикалык жасалма уруктандыруу станциясын калыбына келтирүү үчүн ЮСАИД долбоорунун эсебинен каржылоо маселеси иштелип бүтүүнүн алдында турат. Ушул токтомду кабыл алуу 1 февраль 2013 ж чейин жана бул объектини АЧМге өткөрүү кечеңдетилсе, 32,9 млн сомду ЮСАИД агенттиги каржылоону токтотуп коюуусу мүмкүн, анткени бул каражаттар агентство тарабынан КР асыл –тукум мал чарбачылыгын --­----­өнүктүрүү үчүн гана каралган жана агентствонун 2013 жылдагы бюджетине убагында киргизилип калуусу керек.

    2.Эске алынды.

    3. Эске алынган жок.

    Себеби: Ишкананын Жобосун бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү КРӨ токтому кабыл алынгандан кийин бир айлык мөөнөттө жүргүзүлөт, анткени ишкана ушул мезгилде КРӨ караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондусунун карамагында. Бул ишкана биздин карамагыбызга өтүп, ордунан иштин ахыбалы толук иликтелгенден кийин КРӨ ишкананын Жобосун бекитүү жөнүндө сунуш киргизилет.


    2.

    Каржы министрлиги

    2. Каржы министрлиги

    1.Башка ченемдик укуктук актыларга же анын түзүмдүк элементтерине шилтемени колдонууда ченемдик укуктук актынын аты, кабыл алган датасы, актыны каттоо номери көрсөтүлөт

    2. «6 пунктту токтомдун долбоорунан алып таштоо максатка ылайык”

    1. Сунуш эске алынды.


    2. Сунуш эске алынды.



    3.

    Юстиция министрлиги

    3.Юстиция министрлиги

    1.Юстиция министрлиги токтомдун долбоорунун 1 пунктундагы «Мамлекеттик асыл-тукум борборунун курамына» деген сөздү алып салууну сунуштайт

    2. 7 пункттун редакциясын кайра карап чыгуу керек

    3.Долбоордун 1 пунктун эске алуу менен долбоордун 5 пунктун чыгарып таштоо


    1.Сунуш эске алынды.


    2. Сунуш эске алынды.


    3.Сунуш эске алынган жок.

    Себеби: Токтомдун атын өзгөртүү долбоордун толук маанисин чагылдырбайт.



    Бул министрликтин баардык сунуштары эске алынып, оң жыйынтык чыгарылып, министрликтин сунуштары менен макулдашуу баракчасына кол коюлгандыктан, кайчы пикир матрицасы түзүлгөн жок.







    Эскертүүлөр жана сунуштар жок




    4.

    Ички иштер министрлиги

    4.Ички иштер министрлиги




    5.

    Билим берүү жана илим министрлиги

    5.Билим берүү жана илим министрлиги




    6.

    Энергетика жана өнөр жай министрлиги

    6. Энергетика жана өнөр жай министрлиги




    7.

    Социалдык өнүгүү министрлиги

    7. Социалдык өнүгүү министрлиги




    8.

    Ички иштер министрлиги

    8. Ички иштер министрлиги




    9.

    Саламаттык сактоо министрлиги

    9. Саламаттык сактоо министрлиги




    10.

    өзгөчө кырдаалдар министрлиги

    10. өзгөчө кырдаалдар министрлиги




    11.

    Коргоо министрлиги

    11. Коргоо министрлиги




    12.

    Маданият жана туризм министрлиги

    12. Маданият жана туризм министрлиги




    13.

    Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги

    13. Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги




    14.

    Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонду

    14. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонду




    15.

    Айыл чарба жана мелиорация министрлиги

    15. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги





    Өкмөттүн Аппаратынын

    агро-өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Осмоналиев С.К.

    Өкмөттүн Аппаратынын агро-өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн

    эксперти Жумаев Н.К.

    Коьрта
    Контакты

        Главная страница


    Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 5 май 2012 жылдагы №315 токтомунун «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын

    Скачать 114.09 Kb.